Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:22

Путин Москвадагы парадда Украинага кол салууну кайрадан жактады


Путин аскердик парадда. Москва, 9-май, 2022-жыл
Путин аскердик парадда. Москва, 9-май, 2022-жыл

Орусия 24-февралда Украинага басып кирүү менен “алдын алуучу чабуул койду, бул жападан-жалгыз туура чечим болгон”.

Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 9-майда Кызыл аянттагы аскердик парадда билдирди.

Орусияда 9-майда Жеңиш күнү белгиленип жатат. 77 жыл мурун СССРде нацисттик Германиянын капитуляциясы жарыяланган.

Быйыл бул майрам Орусия Украинага кол салган маалда белгиленүүдө. Кремл аны согуш эмес, “атайын операция” деп атайт.

Путиндин айтымында, АКШ жана НАТО Орусияга кепилдик бербей, Украинаны орустардын “тарыхый жерлерине”, анын ичинде Крымга чабуул коюуга даярдаган.

Киев жана Батыш өлкөлөрү андай планы болбогонун айтып, Москваны жок жерден кол салгандыгы үчүн айыпташууда.

Орус президенти Улуу Ата Мекендик согушта гана эмес, Одессадагы профсоюздар үйүндө «нацисттердин аткылоосунан» курман болгондорду, Украинада каза тапкан орус аскрелерин эскерди. Путин маркумдардын жакындарына жана жараат алгандарга жардам берүү токтомуна кол койгонун жарыялады.

Орусиянын бир катар шаарында “Өлбөс полктун” жүрүштөрү өтүүдө. Уюштуруучулар Украинадагы согушка катышкандардын сүрөттөрүн да көтөрүп чыгууга уруксат беришти.

Айрым маалыматтарга караганда, кээ бир жерлерде согушка каршы плакаттарды алып келгендерди полиция кармап кетти.

Украинанын Орусия оккупациялаган кээ бир шаарларында да Жеңиш майрамы белгиленип жатат. Ал эми өзүн “ДНР” деп атаган аймакта аткылоо коркунучунан деп парад болгон жок.

Украинанын өзүндө да Жеңиш күнүн белгилешүүдө. Бирок массалык иш чаралар өтпөдү.

Бир күн мурда украин президенти Владимир Зеленский гитлердик Германия менен азыркы Орусия ортосунда окшоштук бар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG