8-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 25...30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33,
Ысык-Көл менен Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2...3, күндүз 7...12°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 28…30°.
Дагы караңыз