Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

"Кирдеген аба түйүлдүккө чейин ууландырып жатат"


Профессор Жей Төрнер.
Профессор Жей Төрнер.

АКШдагы Вашингтон, Сент Луис университетинин профессору Жей Төрнер Бишкектеги абанын сапаты боюнча изилдөө жүргүзүүдө. Ал булганыч абанын кош бойлуу аялдар менен балдардын ден соолугуна тийгизген зыянын иликтеп, бул көрүнүштүн өлкө экономикасына алып келген чыгымдарын эсептөөдө.

Ал "Азаттыкка" курган маегинде Бишкектен тышкары Кыргызстандагы башка шаарлардын да абасы булганып жатканын айтты.

- Бишкекке алгач келгенде эле абанын сапатынан эмнени байкай алдыңыз? Себеби кыргыз баш калаасы бир нече жылдан бери дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башында туруп жатпайбы.

- Бул ирет мен Бишкекке үчүнчү жолу келип жатам. Алгач беш ай мурда, 2021-жылдын декабрында келген элем. Аэропортко түн ортосунда кондук, түшөрүм менен эле абадагы абдан оор көмүр исин сездим. Анан шаарды көздөй бет алдык, ошондо булганган абаны көзүм менен көрдүм. Аба аябай кир эле, дүйнөдөгү абасы абдан булганыч башка чоң шаарлардагыдай начар болчу. Маселен, Бээжинде бир нече жыл мурда дал ушундай кара түтүн турган. Азыр эми тазарып калбадыбы, 2008-жылы дал ушул Бишкектегидей кара түтүн баскан шаар болчу.

- Булганыч аба жакыр өлкөлөрдүн гана көйгөйү эмеспи?

- Абдан кызыктуу суроо бердиңиз. Чындыгында, жакыр жана кирешеси аз өлкөлөр азыр кир абадан көбүрөөк жапа чегүүдө. Экономикасы күчтүү мамлекеттер бул көйгөйдү жөнгө салышты. Алар абаны тазартууга көбүрөөк акча салышты. Бирок кир абанын ден соолукка тийгизген таасири тууралуу канчалык көп нерсе билген сайын абаны тазартуу жакыр өлкөлөрдө да башкы максат болушу керектигин түшүнүп жатабыз. Адамдын саламаттыгы "мамлекет бутуна туруп алсын, анан абаны тазартат" деп күтүп тура албайт. Анткени мунун кесепетинен көп элдин ден соолугу талкаланып жатпайбы.

- Ден соолугу талкаланууда деп коңгуроо кагып жатасыз. Кир абанын ден соолукка кандай таасири болот?

- Бишкектеги кир абанын курамында катуу заттар бар. Дал ошол заттар жеке эле дем алуу органдарына кирип туруп калбай, бүт организмге зыян берет. Өпкө аркылуу кан тамырларга кирип, андан ары кан айлануу системасын бузууда. Неврологиялык жактан деменция жана паркинсон оорусун козгоодо. Ошондой эле нейропсихологиялык жактан кир аба аутизмдин да бир себеби болушу мүмкүн. Мунун баарынан да кооптуусу, мени абдан түйшөлткөн жагдай - кош бойлуу аялдар менен балдардын саламаттыгына тийгизген таасири болууда. Бала эненин курсагында жатканда эле булганыч абанын зыянын тартат. Мындай кир чөйрөдө төрөлгөн балдардын көбү тубаса майыптыктын азабын тартууда.

- Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда абаны тазартуу боюнча кандай иш чаралар болушу керек? Балким, изилдөө зарылдыгы бардыр...

- Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда булганыч аба көйгөйүн чечүү ар башка жолдор, ыкмалар менен ишке ашууда. Себеби бул көрүнүш өлкө жайгашкан аймак, климатка да тыгыз байланган. Бишкекти абдан кооз тоолор курчап турат. Бирок, дал ушул тоолор шаардагы абанын алмашып туруусуна тоскоол болгон факторлордун бири. Шаар күрүч бышырган казандай эле буусу чыкпай кайнай берет. Маселен, Бишкектин көйгөйү Түштүк Чыгыш Азиядагы шаарлардыкынан таптакыр башкача. Борбор Азиядагы өлкөлөрдө, мен Монголияда да 10 жыл мурда иштеген элем, булганыч аба көйгөйү бири-бирине аябай окшош. Мында көйгөйдү чече турган бирден-бир жол - көмүрдөн баш тартуу. Айрыкча, менчик үйлөрдүн көмүр жагуусун токтотуу менен бул абалдан чыгууга алгачкы кадамды таштаса болот. Бишкек акыркы жылдары аябай чоңоюп кетти. Жака белиндеги конуштардын баары көмүр жагат. Шаарда көмүрдү колдонуу мындан 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу бир нече эсеге өстү. Албетте, буга ички миграция да себеп болууда. Монголияда да элдин көбү Улан-Батордо аба аябай кир эле дей беришчү. Алар проблема Монголиянын бардык жагында экенин айтышчу эмес. Бул жакта да ошондой, Бишкек иске тумчугуп жатат деген сөздөр көп айтылганы менен Ош, Жалал-Абад сыяктуу дагы бир нече калаалар да кир абадан дем алып жатат.

- Көмүрдөн тышкары транспорт да абаны булгаган чоң фактор болуп жатпайбы. Өнүккөн өлкөлөрдүн эски машинелери көчөлөргө толуп кеткен. Бул фактор да маанилүүбү?

- Бишкекте абаны булгаган эң чоң фактор - көмүр колдонуу. Транспорт да маанилүү деңизчи, мезгил алмашканда абанын сапаты жакшырганын байкап жатпайбызбы. Мен АКШ элчилигиндеги абанын сапатын текшерген жабдууну узак убакыт байкоого алгам. Машинелерге байланыштуу бир топ кыйынчылыктар бар. Эң эле башкысы - Кыргызстанда сатылып жаткан күйүүчү майдын сапаты. Өлкөдө жаңы машинелер болсо деле, бирок сапатсыз бензин колдонулса, баары бир андан айлана-чөйрө менен адамдар уулана берет. Бензин сапатсыз болсо, машинелердеги катализаторлор да тез эле жарактан чыгып, абага уулуу заттар абдан көп өлчөмдө чыга берет. Машинелердин жылына же сапатына сапаты көңүл бургандын ордуна, бийлик бензиндин сапатын көзөмөлгө алганы дурус. Анан коомдук транспортту табигый газ же электр кубаты менен жүргүзүп, маселени чечүүгө мүмкүн. Баары бир таза күйүүчү май болмоюн, машинелерди жаңыртуу пайдасыз экенин дагы бир жолу эскертким келет.

- Шаарды пландоодо да мүчүлүштүктөр кетип жаткан жокпу? Шаардын тоо жагында көп кабаттуу үйлөр плансыз эле курулуп жатканын сиз да байкасаңыз керек. Алар тоодон келчү шамалдын жолун тоспойбу?

-
Мыкты суроо бердиңиз, чындап келсе менден буга чейин да ушинтип сурашкан. Бирок, буга эч кандай жарытылуу жообум жок. Ооба, имараттар да абаны тазалаган шамалдын багытын буруп коёт. Дүйнөдө шамалдын багыты абасын тазалаган эң атактуу жер - Мекке. Байкасаңыз, ал жакта ар дайым айдарым жел согуп турат эмеспи. Бийлик шаарды пландоону да туура максатта чече алат. Баары бир деле шаардын чоңоюшун абанын кирдешине бирден бир себеп катары белгилегим келбей турат. Себеби Бишкекти ышка тумчуктурган андан башка да чоң көйгөйлөр турат.

- Кандайдыр бир проблеманы чечүүдө анын илимий бир негиздемеси болуш керек го. Бирок Кыргызстанда абанын сапатын текшерген илимпоздор, кандайдыр бир илимий маалыматтардын жыйнагы жок. Мындай шартта мамлекет кантип чечим чыгара алат?

- Дүйнөдө илимий маалымат, негиздеме болбосо иш оңой менен жылбайт деген түшүнүк өкүм сүрүүдө. Бирок мен буга кошулбайм. Бишкектин абасы кир экенин калктын көбү билет. Шаардагы үйлөрдүн 50 же 60% бир гана көмүр жагарын билебиз. Мына ушунун баары айдан ачык турса, көйгөйдү чечүү зарылдыгы да анык эмеспи. Кара түтүн шаардыктардын саламаттыгына, экономикасына кандай таасир этип жатканын илимий жактан аныктоого изилдөөгө зарылдык бар. Анткен менен бул изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыксын, анан системаны оңдойбуз деп күтүп жата берүү туура эмес. Дароо эле көйгөйдү чечүүдөн баштаган оң. Ооба, биз илимий изилдөөлөрдү да жасоого тийишпиз. Бирок адамдын өмүрүн биринчи планга коюу дагы маанилүү экенин белгилегим келет. Чыныгы көйгөй эмне экенин таанып билгенден кийин дароо ишке киришүү зарыл.

Монголия да бул багытта бир топ кыйынчылктарды көрдү. Бир нече жыл мурда үйлөрдү жылыткан көмүрдү сапаттуу, тазараак көмүргө алмаштырууну чечишкен. Ошондо Улан Батордун сырттагы абасы кичине тазара түшкөнү менен үйдүн ичинде иске ууланып өлгөндөр аябай көбөйгөн. Жыйынтыгында, монгол борборунун абасы баары бир тазарган эмес. Ойлосоңуз, мындай жол менен абаны тазалоо канчалык акылга сыят? Ушундан улам көмүрдү таптакыр тыйып, анын ордуна табият газын же кайра калыбына келчү ресурстардан (электр станциялары) көбүрөөк куруу керек. Булганыч абаны көргөндө көпчүлүк "эми бул көйгөй деле эмес да" деп жашоосун уланта берет, себеби алар тирүү, ооруса деле жашап жатышат дегендей. Азыр мен Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин бир долбооруна кеңешчи болуп иштеп жатам. Бул долбоордун алкагында кир абанын кош бойлуу аялдар менен жаш балдарга тийгизген таасирин, анын өлкөгө экономикалык зыянын изилдей баштадык. Анда көрүнгөндөй шаардагы абаны тазартуу менен миллиондогон адамдардын саламаттыгын бекемдеп, социалдык абалын оңдоп алууга мүмкүн.

Маалымат үчүн: Профессор Жей Төрнер Вашингтон, Сент Луис университетинде иштейт, ЮНИСЕФтин улуттук саламаттык программасынын башкы изилдөөчүсү. Абанын сапаты, аны оңдоодогу мамлекеттик органдардын ролуна байланыштуу эмгектери үчүн 2013-жылы "Жылдын мыкты профессору" деген наамга татыган. Ал Америкадагы абаны изилдөө бирикмесинин негиздөөчүсү жана жетекчиси.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG