Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

ЕБ орусиялыктарга кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салат


Евробиримдик алтынчы санкциялар пакетинин алкагында орус жарандарына биримдикке кирген өлкөлөрдөн кыймылсыз мүлк сатып алууга тыюу салат. Чектөө жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү болот. Ошол эле учурда санкциялар Евробиримдиктин өлкөлөрүндө же Швейцарияда жарандыгы бар же жашоого уруксаты бар орусиялыктарга таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Европа комиссиясы Москванын Украинага кол салганына байланыштуу киргизилип жаткан санкциялардын алтынчы пакетинин долбоорун Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жөнөткөн. Бул тууралуу комиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен 4-майда билдирди.

Документте Орусиянын мунайын уюмга мүчө мамлекеттерге ташып кирүүгө тыюу салуу, эң ири банктарынын бири болуп саналган Сбербанкты SWIFT системасынан өчүрүү, үч ири мамлекеттик телерадиокомпаниясына чектөө коюу сыяктуу чаралар камтылган.

Bloomberg өз булактарына таянып Евробиримдик европалык сотторго жана компанияларга орус мунайын дүйнө жүзү боюнча ташуу, анын ичинде камсыздандыруу тармагында кызмат көрсөтүүнү сунуштай турганын кабарлады.

Reuters агенттигинин маектештери Евробиримдиктин туруктуу өкүлдөрү 4-майда өткөн жыйында Орусиянын мунайына эмбарго киргизүү боюнча бир пикирге келе албаганын билдиришти. Словакия менен Чехия Москванын чийки затынан баш тартууга макул экенин, бирок жеңилдиктерге муктаж экенин маалымдады. Bloomberg билдиргендей, Грекия, Мальта жана Кипр эмбаргонун зарылдыгынан күмөн санашкан.

Санкциялар күчүнө кириши үчүн Евробиримдиктеги бардык мамлекеттер бирдей жактырышы керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG