Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:33

Бишкекте “Мурас” футболдук беттеши уланат


"Мурас" турнири. “Президенттин администрациясы” командасы. 4-май, 2022
"Мурас" турнири. “Президенттин администрациясы” командасы. 4-май, 2022

Бүгүн, 5-майда Бишкекте футбол боюнча "Мурас" турнири уланат. Анда жарым финалга чыккан төрт команда ойнойт.

“Мурас” достук футбол мелдешинин биринчи күнүндө (4-май) тайпалык жана чейрек финалдык оюндардын жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар жарым финалга чыгышты.

  • “Президенттин администрациясы” - “Алга”
  • “Жогорку Кеңеш” - “Ыйман”.

Мелдеш түз эфир аркылуу КТРК жана КТРК спорт телеканалдарында 12:00дө башталат.

4-майда башталган турнирге мамлекеттик органдардын, маданият ишмерлеринин, ишкерлердин, журналисттердин жана башка топтордун 12 командасы катышкан.

Турнирге катышкан командалардын тизмеси:

  • “Президенттин администрациясы” - Садыр Жапаров баштаган президенттик администрациянын кызматкерлери;
  • “Өнөр” - Маданият ишмерлери;
  • “Бизнес” - ишкерлер;
  • “Журналисттер” - маалымат каражаттарынын өкүлдөрү;
  • “Алга” - футбол ардагерлери;
  • “Спорттук федерациялар” - Спорттук федерациялардын жетекчилери;
  • “Жогорку Кеңеш” - парламенттин депутаттары;
  • "Аймактар" - президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери;
  • “Ыйман” - муфтий баштаган дин өкүлдөрү;
  • “Элчилер” - чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери;
  • "Ден соолук" - дарыгерлер;
  • “Билим” -жогорку окуу жайлардын ректорлору жана мектеп директорлору.

2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган мелдештер өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, үчүнчү орунду президенттин администрациясы ээлеген. (КE)

XS
SM
MD
LG