Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Орусиянын Украина менен чектеш аймагында темир жол көпүрөсү бузулду


Белгороддо жарактан чыккан көпүрө. Архив.
Белгороддо жарактан чыккан көпүрө. Архив.

Орусиянын Украина менен чектеш жериндеги темир жол көпүрөсү жарым-жартылай бузулду. Бул тууралуу Курск облусунун губернатору Роман Старовойт жекшемби күнү Телеграмга жазып, Сужа-Сосновый Бор тилкесиндеги жүк ташуучу көпүрө бузулганын, жабыркагандар жоктугун билдирди.

Губернатор муну диверсия деп, кылмыш иши козголгонун, аны ким жасаганы аныктала электигин айтты.

Орус армиясы Украинага басып киргенден кийин Белгород облусунун Шебекин районундагы көпүрө жарактан чыкканы кабарланган.

Украина бийлигинин өкүлдөрү Беларустун же Орусиянын аймагындагы “темир жол согушу” тууралуу бир нече жолу айтышкан, бирок талкалоолордо Украинанын жоопкерчилиги тууралуу айтылган эмес.

Орусиянын чек ара аймактарынын губернаторлору Украинаны Орусиянын аймагын аткылоодо деп бир нече жолу айыпташкан. Белгород менен Брянскиде мунай сактоочу жайларда ири өрт чыкканда, орус бийликтери бир жолу Украинаны күнөөлөп, экинчи жолкусунда үн каткан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG