Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Милиция Кара-Сууда сабалганын айткан депутаттын окуясын териштирүүдө


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Оштун Кара-Суу шаардык кеңешинин 57 жаштагы депутаты кесиптешинен токмок жегенин айтып ооруканага түшкөн.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 15-апрелде болгон жана териштирүү жүрүп жатат. Милиция чатакташкан депутаттардын аты-жөнүн тактаган жок.

24.kg сайты токмок жеген депутат Рустам Хатамов, ал эми ага кол көтөрдү деген Абдырахман Назаров шаардык кеңештин спикери экенин жазды.

Азырынча аты аталгандар менен байланышууга мүмүнкүчүлүк боло элек. Тurmush.kg сайтына Абдырахман Назаров Хатамовду урбаганын, сөз талашып, жакалашып кеткенин билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG