Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:16

Министрлик Түштүк Кореяга жүздөн ашык кыргызстандыкты ишке жөнөттү


Түштүк Кореяга жумушка бараткан кыргызстандыктар.
Түштүк Кореяга жумушка бараткан кыргызстандыктар.

Кыргызстандын дагы 117 жараны Түштүк Кореяга жумушка кирет. Алар жаңы ачылган Бишкек-Инчхон авиакаттамы менен 29-апрелде Түштүк Кореяга учарын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, кыргызстандыктар Түштүк Кореяда заводдордо иштейт. Биринчи келишим төрт жылга түзүлөт. Жумушчулардын иштегени, жүрүм-турумуна карап келишим дагы төрт жылга узартылышы мүмкүн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиТүштүк Корея менен чек ара ачылган төрт айдан бери 271 кыргызстандык жиберилгенин кабарлады.

2021-жылы кыргызстандыктарга 750 квота берилсе, быйыл 1815 квота бөлүндү. (BTo)

XS
SM
MD
LG