Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

Дүйнөлүк туризм уюму Орусияны өз катарынан чыгарды


Дүйнөлүк туризм күнүн белгилөө. Санкт-Петербург. 27-сентябрь, 2020-жыл.
Дүйнөлүк туризм күнүн белгилөө. Санкт-Петербург. 27-сентябрь, 2020-жыл.

БУУнун Дүйнөлүк туризм уюму (UNWTO) Украинадагы согуштан улам Орусиянын мүчөлүгүн токтото турууну чечти. 160 мүчө мамлекеттин көбү 27-апрелдеги добуш берүүдө чечимди колдоду. Бул тууралуу Мадридде жайгашкан уюмдун басма сөз кызматы билидрди. Бирок канча өлкө колдоп, канчасы каршы болгону такталган жок.

Мындай жыйынтыкты алдын алуу аракетинде Москва Башкы ассамблеянын жыйыны башталганда уюмдан чыгарын жарыялаган.

UNWTO алгачкы чукул ассамблеясын Орусиянын “Украинага кол салуусу БУУнун хартиясына жана Туризм уюмунун түпкү максатына каршы келерин” талкуулоо үчүн чогулткан.

Добуш берүүнүн алдында уюмдун Баш катчысы Зураб Пололикашвили “биздин макамыбыз айдан ачык: биз туризмди тынчтык жана адам укуктарын урматтоо үчүн өнүктүрөбүз. Ушул принциптерди жактаган өлкөлөр гана мүчө болот алат” деп Твиттерге жазган.

Башкы Ассамблеяга төрагалык кылган Испаниянын туризм министри Мария Рейес Марото чечимди кубаттап, “Путиндин аскердик чабуулу БУУнун фундаменталдуу принциптерин одоно бузарын” белгиледи.

Испан өкмөтү Орусия Федерациясынын саясаты өзгөргөндө, өлкөгө киргизилген чектөө алынышы мүмкүн деп маалымдады.

Ал эми орус Тышкы иштер министрлиги “саясий негизде кабыл алынган чечимди мыйзамсыз деп эсептерин”, добуш берүү “анти-орусиячыл пропаганда, шантаж” менен коштолгонун билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын UNWTOдон чыгуу чечими өлкөнүн туризм тармагына таасир этпесин айтты.

Сөз болгон уюм 1946-жылы туризмдин социалдык-экономикалык салымын арттыруу жана ыктымал залакасын азайтуу үчүн түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG