Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

Ысык-Көлдүн тургуну маркум атасына багыштап 2 млн сомго көчөт тикти


Сүрөттө Алибек Алышпаевдин көчөтканасы.
Сүрөттө Алибек Алышпаевдин көчөтканасы.

Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургуну маркум атасынын жылдыгына Саруу айылдык сейил бакка миңден ашык көчөт отургузду.

Алибек Алышпаевдин бул демилгесин ишке ашыруу үчүн айыл аймактын жетекчилиги көптөн бери каралбай келген сейил бакты берген.

Ал өзүнүн көчөтканасында өстүргөн ийне жалбырактуулардан Тянь-Шань карагайы, көк, кызыл карагай, арча жана Сибир карагайы, жазы жалбырактуу дарактын 12ден ашык түрүн отургузган. Аянты бир гектарды түзгөн сейил бакка эки миллион сомдук көчөт тигилди.

Айылдык кеңештин депутаттары жашылдандыруу демилгесин ишке ашырганы үчүн сейил бакка тургундун атасы Мурат Алышпаевдин ысымын ыйгарышты.

Буга чейин Кадамжай районунун тургуну, пенсионер Нурхан Кочкорова ажылыкка деп топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө куруп берген. Ал көпүрөнү маркум күйөөсүнө багыштаганын айткан. (KS)

XS
SM
MD
LG