Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:56

Уставдык капиталы 100 млн. доллар Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фонду түзүлүшү мүмкүн


Марат Шаршекеев жана Шадурды Мередов
Марат Шаршекеев жана Шадурды Мередов

Түркмөнстандын Кыргызcтандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шадурды Мередов Кыргызстандын соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеевге, анда Бишкекте биргелешкен соода үйүн куруу долбоору каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы маалымдады.

Элчи эки өлкөнүн башчыларынын ортосунда уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн Кыргыз-Түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашуу жетишилгенин айтты.

Фонддун алкагында Бишкекте соода комплекси бар көп кабаттуу турак жай куруу боюнча биргелешкен долбоор каралууда. Андан кийин биргелешкен ишканаларды түзүү жана Бишкекте Түркмөнстандын соода үйүн ачуу пландалып жатат.

Шадурды Мередов жолугушууда эки өлкөнүн ишкерлеринин бизнес-форумун өткөрүү демилгесин да көтөрдү. Июнь айына белгиленген форум Түркмөнстанда пандемияга байланыштуу катаал карантиндик режимден улам онлайнга өткөрүлөт деп күтүлүүдө. Чектөөлөр алынгандан кийин дароо эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү офлайн жолугушуу өткөрөт.

Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 2021-жылы 80 миллион доллардан ашкан. Кыргызстан бул өлкөдөн помидор сатып алат. Шадурды Мередов кыргызстандык ишкерлердин продукциясын экспорттоо боюнча ар кандай сунуштарын кароого даярдыгын да билдирди.(KS)

XS
SM
MD
LG