Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкекте чыгармачыл индустриялардын фестивалы өттү


CREATE4 чыгармачыл индустриялардын биринчи фестивалы. Бишкек шаары. 23-апрель, 2022-жыл.
CREATE4 чыгармачыл индустриялардын биринчи фестивалы. Бишкек шаары. 23-апрель, 2022-жыл.

Бишкекте 23-апрелде CREATE4 чыгармачыл индустриялардын биринчи фестивалы өттү. Иш-чарага ар кыл курактагы чыгармачыл кишилер, чыгармачылыкка кызыккандар катышып, аларга Кыргызстандын, АКШнын, Орусиянын, Казакстандын IT, санариптик кесиптер, искусство жана башка тармактардын өкүлдөрү креативдүү ой-пикирлерин бөлүштү.

Фестивалга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен катышты.

Жапаров чыгармачыл экономиканы мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүү маанилүү экенин айтты.

Иш-чара Өлкөнүн креативдүү экономикасын жана чыгармачыл адамдардын коомчулугун өнүктүрүүнү колдоо максатында чыгармачылык жана инновациялар жумалыгынын алкагында уюштурулду.

Фестивалды БУУнун Өнүктүрүү программасы, Кыргызстандык креатив индустриялар ассоциациясы, CODIFY IT компаниялар тобу, OLOLO чыгармачыл уюму жана Кыргызпатент чогуу өткөрдү.

Президент Садыр Жапаров 21-апрелде Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлыгын чыгарган. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-октябрына чейин креативдүү индустрияларды өнүктүрүүгө, креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, креативдүү индустриялар паркын түзүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке сунушталат.

Ошондой эле 23-апрелде Санариптик өнүктүрүү министрлигинин колдоосу менен блокчейн технологиясы боюнча “Санариптик сабаттуулук 3.0” форуму да уюштурулду. (KbA)

XS
SM
MD
LG