Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:36

Зеленский Орусиянын ишканаларына "согуш салыгын" салууну сунуштады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский Батыш санкция жарыялабаган орусиялык компанияларга карата "согуш салыгын" киргизүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал 21-апрелде Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун жетекчилиги катышкан Украина маселеси боюнча эл аралык жыйында айтты.

Зеленский Орусия Украинанын деңиз портторун блокада кылганы украин экспортунан көз каранды өлкөлөрдө буудайдын кымбаттоосуна алып келгенин кошумчалады.

Ошону менен катар украин президенти орус армиясы өлкөнүн экономикалык базасы болгон вокзалдарды, азык-түлүк кампаларын, мунай иштетүүчү заводдорду жок кылып жатканын, дүйнөлүк туруктуулукту бузганы үчүн Орусияны кенемте төлөтүү чарасы катары "согуш салыгын" киргизип, ошол акчаны Украинаны калыбына келтирүүгө жумшоо керектигин белгиледи.

Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери согуш уланууда. Көптөгөн Батыш өлкөлөрү мунун агрессия деп атап, Орусияга карата бир топ санкция киргизген. Кремль бул аракетин "атайын операция" деп атап, айыптоолордун баарын четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG