Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

Улуттук банк акча которуунун жаңы тартибине түшүндүрмө берди


Улуттук банк тараткан маалыматка караганда, валюта рыногундагы абал турукташканга чейин Кыргызстанга эл аралык акча которуу системасы аркылуу келген акча жөнөткөн өлкөнүн валютасында же сом менен гана берилет.

Мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө Орусия жана Казакстандан АКШ долларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп, кардарлар аны ошол валюта менен берүүнү суранып жаткандыгы менен байланыштуу.

"Эгерде Орусиядан акча которулган болсо, ал алуучуга орус рублинде гана берилиши керек, эгерде Казакстандан болсо - казак теңгесинде гана, ал эми башка өлкөдөн болсо - анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада берилет. Которулган валюта Кыргызстандын аймагында кеңири колдонулбаган болсо, банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек", - деп жазылган Улуттук банк тараткан маалыматта.

Акча которууну конвертациялоонун эрежелери өзгөртүүсүз калтырылды. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен акча которууну улуттук валютадагы сомго гана конвертациялай алат.

Эгерде жөнөтүүчү долларлык эсепке Орусиядан рубль которсо, анда Кыргызстандын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, өзүнүн курсу боюнча акчаны АКШ долларына которот.

Кыргызстанда акча которуулар эрежелерине убактылуу өзгөртүү киргизилгенин. Улуттук банк 18-апрелде билдирген.

Анда өлкө аймагындагы төлөм системасы штаттык режимде иштеп жатканы, киргизилген убактылуу өзгөртүүлөр Кыргызстандын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу жана ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, накталай АКШ долларынын Кыргызстандын агылып чыгышынын терс таасирин минималдаштыруу максатында киргизилгени белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG