Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:41

БУУ Украинада 2072 жайкын тургун каза болгонун билдирди


Мариуполь шаары, Украина.
Мариуполь шаары, Украина.

Орус аскерлери Украинага басып киргенден бери 2072 жайкын тургун каза болгонун БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары билдирди. Алардын 169у балдар. Жараат алган 2818 адамдын 272си балдар.

Каза болгондордун көбү Донбасста - 732 адам. Согуш башталгандан бери Украина көзөмөлдөгөн аймактарда 653 адам, орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта 79 киши набыт болгон.

БУУ аскерий аракеттер уланып жаткан жерлерден маалымат кечигип келгенин эске алып каза болгондордун саны мындан да көп болушу ыктымал экенин билдирүүдө.

Украинанын Ички иштер министрлиги 15-апрелде курман болгон жайкын тургундардын саны 2700дөн кем эмес экенин билдирген. Министр Арсен Аваков бул кылмыш иши козголгон гана учурлар экенин айткан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров орус армиясы Украинадагы "аскердик операциясынын" кийинки фазасын баштаганын билдирди. Ал бул тууралуу 19-апрелде India Today телеканалына курган маегинде айтканын Орусиянын мамлекеттик TAСС жаңылыктар агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Лавров Орусиянын "операциясы" орус күчтөрү Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарына же Донбасс аймагына толук көзөмөлүн орнотконго чейин уланарын белгилеген.

Орусиянын башкы дипломаты Лавров соңку маегинде Москва Украинада өзөктүк куралды колдонуу ниети жоктугун, орус аскерлеринин башкы максаты жайкын тургундар эмес, аскердик объектилер экенин кошумчалады. Бирок украин бийлиги орус күчтөрүнүн колунан жүздөгөн жайкын тургундардын өмүрү кыйылганын билдирип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG