Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Пакистанда жаңы өкмөт ант берди


Пакистандын жаңы премьер-министри Шахбаз Шариф.
Пакистандын жаңы премьер-министри Шахбаз Шариф.

19-апрелде Пакистанда Шахбаз Шариф жетектеген жаңы өкмөт ант берип, ишке киришти. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, Сенаттын төрагасы Садик Санжрани 31 федералдык жана мамлекеттик министрдин антын кабыл алды.

Өткөн аптада Пакистандын Мусулман Лигасы - Наваз (PML-N) партиясын жетектеп келген Шахбаз Шариф Пакистандын жаңы премьер-министри болуп шайланган. Ал 2018-жылдан бери өлкөнү башкарып келген Имран Хандын ордун баскан.

Хан Пакистандагы бир нече жумалык саясий кризистен кийин 10-апрелде кызматтан кеткен. Ал күнү Пакистандын парламенти Ханга ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.

Ага чейин Хан мындай добуш берүүнү болтурбоо үчүн парламентти таратууга жана чукул шайлоо өткөрүүгө аракет кылган. Бирок Пакистандын Жогорку Соту парламенттин ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирген.

Эми Пакистанда жаңы парламенттик шайлоо 2023-жылдын октябрь айында өтөт.

XS
SM
MD
LG