Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

ИИМ бир аптада 19 миңден ашуун жол эрежеси бузулганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы бир аптанын ичинде (11-17-апрель) жолдо жүрүүнүн эрежесин бузган 19 158 учур катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Алардын ичинен мас абалында машине айдаган 99 айдоочу аныкталган. Катуу ылдамдыкта машине айдагандар 3,5 миңге чукулдаган. 685 автоунаа айып короого токтотулуп, 130дан ашуун айдоочу документи жок унааны башкарганы аныкталды.

Былтыр жол кырсыгы 2020-жылга салыштырганда 20% көп катталган. Кырсыктан 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган. Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн.

7-апрелде мас абалындагы айдоочу "Субару Форестер" үлгүсүндөгү автоунаасы менен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. 26 жаштагы кыз оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жараатынан каза болгон.

Кыргызстанда 2021-жылы 7 миңге жакын жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. Былтыр 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жараат алган.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жол кырсыктарын азайтуу максатында "Коопсуз шаар" долбоорун өлкө боюнча ишке ашыруу, автомектептердин ишин көзөмөлдөө тапшырмасын берген эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG