Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

Израилдин полициясы кагылышуудан кийин Ал-Акса мечитине кирди


Ал-Акса меитиндеги кагылышуу. Иерусалим. 15-апрель, 2022-жыл
Ал-Акса меитиндеги кагылышуу. Иерусалим. 15-апрель, 2022-жыл

Израилдин полициясы коопсуздук күчтөрү менен палестиндер ортосундагы кагышылуудан кийин Иерусалимдеги Ал-Акса комплексине кирди. Жекшембиде эртең менен тартип коргоочулар мечиттин жанындагы палестиндерди сүрүп чыгарып, дагы көптөгөн киши мечиттин ичинде калды. Полициянын айтымына, алар таш менен куралданып, тосмолорду орнотуп алышты.

Көп узабай Ал-Аксага жакын жерде кагылышуу болгону кабарланып, палестиналык дарыгерлер 10 киши жарадар болгонун айтышты.

Полиция кызматкерлери ыйык жайга жөөттөрдүн баруусун жеңилдетүү үчүн киришкенин, мусулмандардын да, жөөттөрдүн да дин тутуу эркиндигин камсыздоо үчүн чара көрүп жатканын билдиришти.

15-апрелде эртең менен полиция палестиндер жөөттөрдүн ыйык дубалын ташбараңга алып жатышат деп маалымдагандан кийин ортодо жаңжал чыккан. Тартип коргоочулар аларга таш жана башка нерселерди ыргыткандан кийин мечитке киргенин айтышууда. Алар үч полиция кызматкери жараат алганын кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, 150дөн көп палестиналык жарадар болду.

Акыркы бир нече күндөн бери Израилде палестиналыктардын бир нече кол салуусунан 14 киши каза тапкандан кийин чыңалуу күчөдү.

Израилдин армиясы оккупацияланган Иордан дарыясынын Батыш жээгинде аскердик операция, кармоолорду жүргүзгөнү кагылышууларга алып келди. Associated Press агенттиги бери дегенде 25 палестиналык набыт болгонун жазды.

XS
SM
MD
LG