Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:13

"Манас айылынын" жери талашка түштү


"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси.
"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси.

Бишкектеги “Манас айылынын" жетекчиси Дөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин мыйзамсыз басып алуу аракети болуп жатканын айтып чыкты.

Президенттин иш башкармалыгы комплекстин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбей турганын, келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү планы бар экенин билдирди.

“Манас айылынын” жетекчиси, манасчы Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин жерин басып алуу аракети болуп жатканын 12-апрелде жазып чыккан.

Ал “Ысык-Көл” мейманканасын бузуп жаткан компаниянын кызматкерлери эч кандай документи жок кирип келип, маданий комплекстин тосмолорун ала баштаганын айткан.

“Алар кайсы компаниядан экенин да айтышкан жок. Болгону бир нече ирет президенттин атын жамынып келди. Мен андай болсо өлкө башчы менен беттештиргиле десем, коркутууларга чейин барып жатышты. Негизи биз буга чейин “Манас айылын” кайра куруу боюнча демилгебизди өлкө башчы Садыр Жапаровго билдиргенбиз. Анын уруксаты менен президенттин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов менен биргеликте иш баштап, жаңы долбоордун үстүндө сынак да жүргөн. Бардык иш өз ирети менен келе жатып эле токтоп калды”.

Дөөлөт Сыдыков маданий-этнографиялык комплекстин айланасындагы иштерге нааразылыгын айтып, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдогон. Анда “Манас” эпосунун үчилтиги 157 мамлекеттин колдоосу менен “Материалдык эмес руханий мурас” катары ЮНЕСКОго жана Бириккен Улуттар Уюму тарабынан колдоого жана коргоого алынганын, өз жеринде өнүктүрүүгө жана сактоого колдоо таппаса, дүйнө коомчулугунун алдында өлкө беделине шек кетерин эскерткен.

"Ушундай тоскоолдуктар улана берсе, жогорудагы уюмдарга коргоп берүү үчүн кайрылууга аргасыз болорун" жазган.

"Манас айылын" башка жакка курабыз дешти"

Сыдыков президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Тилек Батырканов менен сүйлөшкөндө "комплекстин бир чети алынып, ал жерге административдик имарат үчүн парк куруларын айтты" дейт.

“Ал жаңы “Манас айылын” шаардын четиндеги туунун жогору жагындагы Боз-Бөлтөк деген жерге салалы деген сунушун айтууда. Бирок ага каражат жок деп жатат. Анан да Батырканов жаңы комплекс тууралуу кагаз жүзүндө эмес оозеки гана айтууда, мындан болгону тил эмизип жатышканын түшүнүүгө болот. Манаска мындай мамиле кылган туура эмес”.

"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси.
"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси.

Отуз гектардай аянтты ээлеп турган “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата тургузулган. Ичинде бетондон курулган коргондор, мунара, таш эстеликтер, сейилдөөчү аянчалар жана төрүндө төрт боз үй жайгашкан. Комплекстин жолдору жана курулуштары көбүнесе таш менен кооздолгон. Адистердин айтымында, курулуш кезинде шашылыш жана сапатсыз жүргөн. Куруу аяктагандан кийин, ал Бишкек шаардык мэриянын балансында болгон.

Кийинчерээк, 1999-жылдын 1-июлунда комплекс “Бишкек” эркин экономика зонасынын башкы дирекциясынын балансына өткөрүлүп берилген.

Бул борбор “Бишкек” ЭЭЗдин өндүрүш ишмердүүлүгүнө тиешеси жок болгондуктан, аны кароо чыгымы оорлоп, убакыттын өтүшү менен маданий борбордун аймагынын абалы начарлап баштаган. Азыр маданий жайдын дээрлик бардык курулуштары талкаланган абалда.

Коплекстин учурдагы абалы начар.
Коплекстин учурдагы абалы начар.

Комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыковдун кайрылуусунан кийин интернет колдонуучулары “Манас айылы” тууралуу байма-бай кайчы пикирлерди жаза чыга баштады.

Бул маселе парламентте да көтөрүлдү

Бул маселени Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо да көтөрүп, өкмөттү чара көрүүгө чакырды.

“Манас айылынын” жерине “Ысык-Көл мейманканасынын бузуучулары басып кирип, тосмолорун талкалап жатат. Манас деген ат ыйгарылган жерлерге тийишпей эле коёлучу. Мен буга чейин “Манас ордо” боюнча да маселе көтөргөм. Бирок азыркыга чейин кат аркылуу жооп келе элек. “Манас ордодо”, “Манас айылында” чыр, баскынчылык болбош керек. Бул жерлерге астейдил мамиле кылалы”, - деди депутат.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Камила Талиева да парламентте "Министрлер кабинети жалпы коомчулук менен бирге бул комплексти өнүктүрүп, руханий борборго айлантуу программасынын үстүндө иштесе болмок" деген сунушун айтты.

“Мына кечээтен бери комплекстин директору Дөөлөт Сыдыков коомчулукка коңгуроо кагып жатат. Ушул “Манас айылына тийбей эле коёлучу, мыйзамдарды бузбайлычы. Мен да ушуну суранат элем. Ушуга бир чара колдонсок. Коомчулук да бүгүн карап турат. Ошол айылдын жерине тийбейли”.

"Ысык-Көл" мейманканасынын учурдагы орду. Бул жер "Манас айылы" менен чектеш.
"Ысык-Көл" мейманканасынын учурдагы орду. Бул жер "Манас айылы" менен чектеш.

Бийликте "Манас айылын" өнүктүрүү планы бар

Ал арада 14-апрелде президенттин иш башкармалыгы “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексинин жери боюнча түшүндүрмө берди.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлагандай, “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна жаңы административдик комплекстин курулушу башталып жатат. Ал жерди түздөө үчүн “Манас айылы” комплекси жайгашкан аймактын 5 сотых жери алынууда.

Курулуш иштерине тоскоолдук жараткандыктан “Манас айылы” менен административдик корпустун ортосундагы темир тосмолор жок кылынган.

Мекеме, комплекстин жери президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык экенин кошумчалады.

Иш башкармалык “Манас айылынын” имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келбей турганын, келечекте комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү планы бар экенин билдирди.

"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси.
"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси.

Ал эми президенттин кеңешчиси, жазуучу Чолпонбек Абыкеев “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекстин жери боюнча коомчулукту адаштырган маалымат тараптоого чакырууда. Ал комплекстин азыркы абалын сындап, каралбай калгандыктан четинен урай баштаганын жазган. Ошондой эле ал өкмөттүн "Манаска" арналган жаңы курулуш долбоорунун четин чыгарды.

"Кароосуз калган жерге катталып коюп айлык алып жүргөнү үчүн эле ар кандай сөз чыгарып, коомчулукту адаштырган маалымат берген туура эмес го. “Манас атабыздын атына заты жарашкан, кыргыз эли эле эмес бүт дүйнө суктана тургандай “Манас төрү” аталган тарыхый архитектуралык, этнографиялык, музей-театралдык чоң комплекс курдурууну президентибиз Садыр Жапаров өткөн жылдан бери эле ойлонуп, тиешелүү көрсөтмөлөрдү берген. Жерин тандап, долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш жүрүүдө. Жакында жарлыгы да чыгат. Иш толук нугуна түшүп, маалы келгенде ачык жарыя айтабыз”.

Абыкеев “Манас төрү” деген жаңы комплекс кайсы жерге курулары тактала электигин айтты.

Ал эми “Манас айылына” жанаша жайгашып, учурда толук бузулуп бүткөн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги административдик комплекс курулат. Бул тууралуу 2021-жылдын декабрь айында президенттик администрациядан кабарлашкан. Анда "Ысык-Көл" мейманканасынын таржымалына токтолуп, 37 жыл мурун курулган имарат 2007-жылдан бери таптакыр колдонулбай калганы белгиленген.

"Жашоодо бузулбаган, урабаган эч нерсе жок."

Учурда “Манас айылынын” келечеги тууралуу пикирлер да коомчулукта бир кылка эмес. Кайсы бир интернет колдонуучулар маданий жай мамлекеттин өз жери болгондуктан, каалагандай жай салса болорун, жаңы курулуучу административдик жай менен бирге оңдоп-түзөлүшү туура экендигин жазса, айрымдар “Манас айылын” буздурбай коргоп калуу маанилүү экенин билдирди.

“Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти, манасчы Талантаалы Бакчиев “Манас айылы” курулганда эле архитектуралык тартиптин талабына ылайыксыз жана “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата шашылыш эле салынганын айтты:

"Манас айылынын" курулушу керек болсо кыргыздын дүйнө таанымынын принциптерине да туура келбей калган. Бул маданий жай курулгандан бери эле айтылып келет. Эми илгери үмүт кылалы. Өкмөт өзү бузуп жаткандан кийин жүйөлүү себеби бар. Анын ордуна же башка жерде улуттун дүйнө таанымын, “Манас” дүйнөсүн эске алган комплекс курулат деп түшүнөм. Бул бийликтин кыларга иши жоктугунан эмес, андан жакшысын көксөгөнүнөн жасаган иши деп турат. Анткени Садыр Жапаров манасчылар жана “Манас” эпосу үчүн зор иштерди жасады. 30 жыл бою жасалбаган иштерди жасады, буга биз тобо дешибиз гана керек. Бузулбаган, урабаган эч нерсе жок жашоодо. Анын ордуна жакшы, жаңы комплекс курулат деп үмүт кылабыз”.

15-апрелде Улуттук “Манас” театры да тарыхый комплекс тууралуу расмий билдирүү таратты.

“Жалпы манасчылар аталган комплекстин аймагын реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштерин колдойбуз, ошол эле учурда президенттин сайтында жазылган “Комплекстин имараттарына жана объектилерине эч кандай зыян келтирилбейт” деген расмий билдирүүгө ишенебиз. Ал эми “Манас айылы” комплекси жайгашкан “Кыргызстройсервис” ишканасына таандык 5 сотых жер тилкесинин алынып жатышы мамлекеттин жоопкерчилигиндеги иш деп эсептейбиз. Урматтуу мекендештер, президенттин сайтындагы расмий маалыматта “Манаска” каршы же аталган комплексти бузабыз” деген эч кандай сөз жок экен. Андыктан ыгы жок, куру кыйкырык кылбайлы!”

“Манас айылын” куруу иштери 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого карата башталган. Маданий жай 1998-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын балансынан “Бишкек” эркин экономикалык аймагына өткөрүлүп берилген. “Манас айылынын” айланасындагы акыркы окуялар боюнча Министрлер кабинети комментарий бере элек.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG