Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Орусия Кыргызстан менен үзгүлтүксүз авиакаттамдарга чектөөнү алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Орусиянын Москва шаарында 14-апрелде кыргыз-орус өкмөттөр аралык кеңешменин кезектеги жыйынында белгилүү болду. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев катышты.

Өкмөт тараткан маалыматта кеңешмеде “соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, аймактар аралык кызматташуу маселелерине, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга басым жасалды”, деп айтылат.

Арзыбек Кожошев кыргыз тарап Орусиянын Кыргызстан менен үзгүлтүксүз авиакаттамдарга чектөөлөрдү алып салуу тууралуу чечимин колдоорун билдирген.

“Бүгүнкү кеңешме биздин мамилелерибизге жаңы дем берет жана комиссиянын чечимдери эки элдин кызыкчылыгы үчүн конструктивдүү жана жаратман мүнөзгө ээ болот деп ишенем”, -деген Кожошев.

Орусия коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан менен авиакаттамдарга айрым бир чектөөлөрдү киргизген.

Орусия 24-февралда Украинага бастырып киргенден бери бир катар өлкөлөр орусиялык авиакомпанияларга санкция салган.

XS
SM
MD
LG