Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:17

Алмазбек Атамбаев сотко аны алып келбөөнү дагы талап кылды


Алмазбек Атамбаев соңку сот проссесинде дагы аны сот залына алып келбөөнү талап кылган.
Алмазбек Атамбаев соңку сот проссесинде дагы аны сот залына алып келбөөнү талап кылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-апрелде Октябрь окуяларына байланыштуу ишти карап жатат. Анда кылмышка шектүүлөрдүн бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев саламаттыгынан улам сот отурумдарына катыша албасын чыр чыгарды. Аны сот залынан алып кетишти жана процесс мурдагы президенттин катышуусуз уланууда.

Атамбаев соңу жараяндагы дагы ден-соолугуна байланыштуу катыша албасын айтып, аны сот залына алып келбөөнү талап кылып, айнек тосмону тепкилеген. Анда дагы сот залынан чыгарылган.

Бирок мамлекеттик айыптоочулар процесс кылмышка шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керектигин айтып, өтүнүч келтиришкен. Натыйжада судья Атамбаевди мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарган.

Буга чейинки соттук жараян учурунда мурдагы президент өзүн жаман сезип, аны "Тез жардам" унаасы алып кеткен.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге "Батукаев иши", Кой-Таш окуялары, Октябрь окуялары боюнча, мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү өңдүү айып коюлган.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды. Калган иштер боюнча сот уланууда.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатат.

XS
SM
MD
LG