Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Украинанын чыгышындагы аткылоодо эки киши каза болуп, бир нечеси жараат алды


Украина. Буча шаарындагы жапырт көрүстөнгө көмүлгөн сөөктөр. 9-апрелде табылган.
Украина. Буча шаарындагы жапырт көрүстөнгө көмүлгөн сөөктөр. 9-апрелде табылган.

10-апрелде Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунун Дергачи шаарын аткылоосунан эки адам каза болуп, бир нечеси жарадар болду. Бул тууралуу облус губернатору Олег Синегубов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, орусиялык күчтөр бир нече аймактарда 66 жолу артиллериялык чабуул жасап, анын арты карапайым калктын арасындагы курмандыкка алып келди.

"Орус армиясы карапайым калк менен салгылашуусун улантууда, анткени ал фронтто жеңе албайт", - деп кошумчалады Синегубов.

Буга чейин украин бийлиги орус аскерлери Днепропетровск жана Луганск облустарын снаряддар менен аткылап, бир нече имараттарды талкалап, өрт чыкканын билдирген.

Луганск аймагындагы Северодонецк шаарында мектеп жана көп кабаттуу үй аткыланганын провинциянын губернатору Сергей Гайдай Telegram баракчасына жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул тууралуу маалымат бере элек.

Укрина орус аскерлери Киевдин четинен чыгып кеткенден кийин 2014-жылдан бери жарым-жартылай Орусия колдогон жикчилдердин карамагында турган Донецк жана Луганскинин чыгыш аймактарын толук көзөмөлгө алуу үчүн топтолуп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG