Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Октябрь окуяларында жабыркагандар Жээнбековду жоопко тартууну талап кылышты


Нааразылык акциялары тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам каза болуп, дагы бир нечеси жараат алган.
Нааразылык акциялары тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам каза болуп, дагы бир нечеси жараат алган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында 8-апрелде Октябрь окуяларында жабаркагандар, жарадар болгондор жана алардын жакындары митингге чыгышты. Алар ошол кездеги президент Сооробай Жээнбековду, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты. Буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрылып, жооп ала албай жатканын айтышты. Мындай дооматка башкы көзөмөлдөөчү орган азырынча комментарий бере элек.

Нааразылык акциясына чыккандар дарыланууга муктаж экенин, алган жараатынан улам ишке жарамдуу болбой калганын айтышты.

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкекте 5-6-октябрь күндөрү нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ал тоз-тополоң менен коштолуп, бир адам мерт болуп, дагы бир нечеси жарадар болгон.

Нааразылык акциялар бийлик алмашуу менен аяктаган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев февраль айында Жунушалиев менен Опумбаевге кылмыш иши козголбогонун билдирген.

XS
SM
MD
LG