Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Европарламент Орусиянын мунай-газына тыюу салууга чакырды


Европарламенттин Страсбургдагы имараты, 5-апрель 2022-жыл.
Европарламенттин Страсбургдагы имараты, 5-апрель 2022-жыл.

Европарламент Европа кеңешин Орусияга кошумча санкция салууга чакырды. Тиешелүү резолюция 7-апрелде кабыл алынды. Депутаттар Орусиядан газ, мунай, көмүр жана өзөктүк отун алууга эмбарго киргизүүнү жактайт.

Deutsche Welle жазгандай, бул документти Европа парламентинин 513 депутаты колдоп, 22си каршы добуш берди, 19у калыс калды.

Резолюцияда Украинанын “Буча жана башка шаарларында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн оккупациясы учурундагы зордуктоо, тынч тургундарды соттун өкүмү жок өлүм жазасына тартуу, күчкө салып көчүрүү, мародерлук, жарандык инфраструктурага кол салуу, алдын ала макулдашылган гуманитардык коридорлордон чыгып бараткан карапайым кишилерге ок атуу өңдүү мыкаачылык тууралуу маалыматтарга” байланыштуу “ кыжырдануу жана ачуулануу” камтылган.

Мындан тышкары Европарламенттин депутаттары орусиялык банктарды SWIFT системасынан чыгарууну жана орусиялык кемелердин шаркетке караштуу портторго кирүүсүнө тыюу салууну да колдошту.

Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан өлгөнү маалым болгондон кийин Европа Биримдиги Москвага каршы жаңы санкциялардын топтомун даярдап жатат. Орус армиясы 24-февралда Украинага басып киргенден бери Европадагы Германия сыяктуу айрым өлкөлөр Орусиядан мунай жана газ импорттоого чектөө коюудан карманып келет.

XS
SM
MD
LG