Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Кумтөр: ЕРӨБ тараптарды келишимдин шарттарын аткарууга чакырды


"Кумтөр" алтын кени. 13-ноябрь, 2021-жыл
"Кумтөр" алтын кени. 13-ноябрь, 2021-жыл

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы акыркы келишимдин шарттарын толук жана өз убагында аткарууга тараптарды чакырды.

Аталган банктын маалыматында келишимге кол коюу маанилүү кадам катары бааланып, маселени биротоло чечүү үчүн эки тарап тең келишимдин шарттарын аткарышы керектиги айтылат.

Банк аталган келишимдин жыйынтыгында Кумтөрдүн айланасындагы кырдаал жана ага байланыштуу талаш-тартыш маселелер чечилет деген ишенимин билдирген.

ЕРӨБ Кыргызстан эгемендик алгандан бери инвестиция салып, маанилүү реформаларды колдоп келет. Чакан жана орто ишканаларга бизнес боюнча кеңештерди берет. Мындан ары да өлкөнүн экономикасынын өсүшүн колдоого даяр экени маалыматта белгиленген.

Садыр Жапаров эки тараптуу макулдашууга ылайык Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жана канадалык компания менен соттук териштирүүлөргө чекит коюлганын 4-апрелде жарыялаган.

“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастаган.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген эле. (KS)

XS
SM
MD
LG