Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:05

АКШ Орусияга эсеби жабылган каражат менен карызын төлөөгө тыюу салды


АКШнын Каржы министрлиги Орусияга каршы санкциялардын алкагында батыштагы эсеби жабылган акча менен карызын төлөөгө тыюу салды.

Бул тууралуу 5-апрелде Reuters маалымат агенттиги билдирди.

Дүйшөмбү, 4-апрелде Орусия жалпы суммасы 636 млн. доллар облигацияларды төлөп бериши керек болчу. Вашингтон тыюу салганга чейин Москвада бөгөттөлгөн эсептерден карызын төлөө мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Эми Орусия тышкы карызын Америка Кошмо Штаттарынын жана Европа өлкөлөрүнүн бийликтери чектей албаган резервден төлөшү керек.

Жаңы чектөөлөр Москвага каршы санкциялардын күчөшүнүн алкагында киргизилди. "Орусияга баалуу доллар корун түгөтүүнү же дефолтту тандоого туура келет", - деди АКШнын Каржы министрлигинин өкүлү.

Анын айтымында, карызды төлөө Орусиянын бюджетинин башка чыгашаларын, анын ичинде армияны каржылоону кыскартууга жардам берет.

The Bell басылмасынын маалыматына караганда, Батыштагы эсептерде Орусиянын Борбордук банкынын 380 млрд. долларга чейинки каржылык активдери жабылышы ыктымал.

Орусиянын Финансы министрлиги муну 300 млрд. доллар деп баалап жатат. Бул санкциялар киргизилгенге чейинки Орусиянын валюталык резервинин жарымына жакынын түзөт.

2022-жылдын 1-январына карата резидент эместер 20 миллиард долларга жакын орус мамлекеттик еврооблигацияларына ээлик кылган.

Орус президенти Владимир Путин 31-мартта "дос эмес өлкөлөр" үчүн газды рубль менен сатуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Жарлык 1-апрелден тарта күчүнө кирген, 10-апрелден гана ишке аша баштайт.

Ага чейин Орусиянын Борбордук банкы рубль менен төлөө тартибин иштеп чыгат. Ага ылайык, Европа өлкөлөрү жана Жапония Газпромбанкта эки эсеп ачууга милдеттүү: бири - буга чейин газга төлөп келген валютада, экинчиси - рубль менен.

Эгерде мындай төлөм келишимде каралбаса жана кредиторлор рублга макул болбосо, бул дефолтту билдирет. Бул биринчи кезекте Москванын чет өлкөдөн каражат алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт жана Орусияга каршы соттук процесстерге алып келет.

XS
SM
MD
LG