Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Орусиянын Евробиримдиктеги туруктуу өкүлчүлүгүнүн 19 кызматкери чыгарылды


Жозеп Боррель.
Жозеп Боррель.

Европа Биримдиги 19 орус дипломатын "дипломатиялык статусуна карама-каршы келген иштерге катышканы үчүн" персона нон грата деп жарыялады.

Кеп Орусиянын баш кеңсеси Брюсселде жайгашкан Евробиримдиктеги туруктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жөнүндө болуп жатат. Аларды өлкөдөн чыгарууга Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель буйрук бергени белгиленген.

Мунун алдында Евробиримдикке мүчө бир катар мамлекеттер, анын ичинде Франция, Нидерланд, Швеция, Бельгия жана Испания орус элчилерин тыңчылык үчүн айыптап, ушундай эле чечимди кабыл алган.

Латвиянын Тышкы иштер министрлиги шаршембиде Орусиянын консулдуктарын жабуу чечимин чыгарган.

Бул мекеменин кызматкерлери бул өлкөдө “жагымсыз жүздөр” деп аталган. Словениянын ТИМи 5-апрелде орус дипломатялык кызматкерлеринин санын кыскартуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.

Румыния Орусиянын 10 дипломатиялык кызматкерин “персона нон грата” деп атаган. Эстония бул өлкөнүн 14 консулдук кызматкерин өз өлкөсүнө жөнөтүп, Таллиндеги элчи Владимир Липаевге Нарва менен Тартудагы консулдугун жабуу тууралуу нота тапшырылды.

Орусиянын ТИМи Евробиримдиктеги туруктуу өкүлдөрдүн чыгарылышы жоопсуз калбай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG