Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:05

Фото журналист жарандык активист Кудайбердиевага каршы арыз жазды


Айсулуу Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева.

Фото журналист Игорь Коваленко жарандык активист Айсулуу Кудайбердиевага каршы коомдук тартипти бузду деп арыз жазды. Бул маалыматты "Азаттыкка" жарандык активист да тастыктады.

Кудайбердиеванын айтуусунда, 30-мартта аны Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү Асылбек Алсеитов чакырып, Игорь Коваленконун арызынын негизинде ага карата "Майда бейбаштык" беренеси менен административдик иш каралып жатканын айткан.

"28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин астына акцияга чыкканбыз. Ал жерден Коваленко мени жөөлөп, сөгүп-саккан. Мен аны видеого тартайын десем, ал мени сүрөткө тарта баштады. Фотоаппаратын түртсөм, ал мага атырылып, милиция бизди ажыратып калган. Негизи мен арыз жазышым керек эле. Бирок бир айдан кийин гана коомдук тартипти бузду деп жоопко тартканы жатышат. Бүгүн мен дагы ага каршы арыз жаздым", - деди Кудайбердиева.

Фото журналист Игорь Коваленко активистке каршы арыз жазганын тастыктады.

28-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Украинаны колдогон кезектеги акция өткөн.

27 жаштагы Айсулуу Кудайбердиеваны 2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап, суракка чакыра баштаган. Ушул жылы февралда анын иши сотко өткөн. Айсулуу Кудайбердиева саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG