Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

Нацизм деген эмне? Улутчулдуктун чектен чыккан түрлөрү


Иллюстрация сүрөт. Беларустун борбору Минск шаарындагы Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциясы. 7-декабрь, 2019-жыл.
Иллюстрация сүрөт. Беларустун борбору Минск шаарындагы Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциясы. 7-декабрь, 2019-жыл.

Украинадагы согуштун орусча урааны денацификация болуп жаткан чакта “улутчулдук”, “нацизм” жана башка түшүнүктөрдү дагы бир ирет тактап алалы.

Урук-уруудан – империяга карай

Адам баласы коомдук жан болгондуктан, башкалар менен түрдүүчө мамиле жасабай жашай албайт; эч ким менен алака кылбаган пенде киши боло албайт. Үй-бүлөдөгү бала, ини (карындаш), ага (эже), ата, эне, чоң ата, чоң эне, башка туугандар, жек-жааттар менен да түрдүүчө катышып, урук, уруу, улут, дин ж.б. боюнча теги, тиешеси дайыма белгиленип турат. Адам өзү ойлобоюн десе да сөзсүз түрдө кайсы бир өлкөнүн тургуну, мамлекеттин жараны болот.

Кишинин инсан катары калыптанып жетилиши үчүн өзүн кайсы бир улут өкүлү деп таанышы да чоң мааниге ээ. Адамдын тагдырына, мүнөзүнө улуттук маданият, менталитет таасир этпей койбойт. Азыркы кезде катуулай жаңыра баштаган улутчул ураандар космополиттердин (улуттук текти тааныгым келбейт деген адамдардын) жашоосун да өзгөртүп салышы ыктымал.

Кандай болгон күндө да, ушул терминдин жана ага катарлаш сөздөрдү көпчүлүк туура түшүнүп алганы жакшы.

“Улут” сөзүнүн негизги эки мааниси бар. Санжыра, уламыш же миф боюнча кайсы бир каармандын урпактарыбыз деген улуттар көп кездешет. Бирок теги ар башка экенине карабай, түркүн урук, уруулар өз ара жуурулушуп, бир улутка же анын туруктуу курамына бириккен учурлар да аз эмес. Улуттун ички айырмачылыктар менен катар жалпы тилди, маданиятты, каада-салтты сактоого тиешелүү мааниси “элге”, “этноско” жакын.

Башка атаандаш же кас этностордун кысымына туруштук берип, аман калуу үчүн бул топтор кыйла чоң, кенен, этностук катышка салыштырмалуу татаал түзүмгө биригип, аны бекемдеп турууга муктаж болгон. Дал ушул жерден “улут” сөзүнүн мамлекет, өлкө деген экинчи мааниси башталат. Бул деңгээлдеги бүтүндүктүн жалпы мүдөөсүнө анын курамындагы этностук жааттардын ич ара атаандаштыгы тоскоолдук кылган учурлар боло келген.

Өзүнүн жеке кызыкчылыгы – бийлигин сактап калуу үчүн табигый карама-каршылыктарды атайылап күчөткөн өкүмдарлар да тарыхта көп кездешет. Бул тирешүүлөр мамлекеттер арасында, региондук (же дүйнөлүк) масштабда улам күчөй бергендиктен, империяларды (улуттардан, өлкөлөрдөн жогору турган саясий бийлиги бар өтө чоӊ мамлекеттерди) түптөө зарылдыгы туулган. Көпчүлүк императорлор “кайраштыр да, бийлей бер” деген арамза эрежеге таянышкан.

Бийликтен бийик дөөлөт бар

Баарыбыз тарых сабагынан билген маалыматтарды эстесек, адамзаттын тарыхы жалаң гана согуштар менен төңкөрүштөрдүн баяны сыяктанат. Баланчанчы кылымда түкүнчөлөрдүн хандыгы (эмираты, халифаты, падышалыгы, каганаты ж.б.) бастанчалардын мамлекетине кол салып, басып алган же жеңилип калган, баланчанын династиясы түкүнчөнүн тукумуна бийлигин алдырып ийген ж.б.у.с.

Миллиондогон адамдардын, элдердин тагдыры тигил же бул өкүмдардын пейилине, акыл-эсине, пенделик өксүктөрүнө көз каранды болуп келген. “Улуу урматтуулардын” дымагы үчүн түмөндөгөн журттар сүрүлүп, кырылып, адам каны дайрадай аккан...

Империялар бул кагылышуулардын масштабын эселеп чоңойтуп, ошол эле учурда узагыраак мезгил аралыгындагы туруктуулукту камсыздап турган. Бирок алардын баскынчыл согуштарынын кесепети мурдагы майда кагылышууларга караганда алда канча оор болгон: бейпилчилик жылдары курулган шаарлар кыйрап, эл азып-тозуган.

Ээлеген жерин улам кеңейтүү, бийлигин күчөтүү максатында эң ири хандар, падышалар дүйнөлүк диндерди да өз максаттары үчүн пайдаланышкан. (Майда, ар кайсы элге, урууга эле таандык көп кудайлуу диндердин ордуна бүткүл адамзатка тиешелүү деп жалгыз Кудайды тааныткан дүйнөлүк диндердин келип чыгышы дал ушул империялардын жаралышы менен тикелей байланышкан дешет айрым окумуштуулар).

Совет бийлиги тоталитардык нукта бекемделе баштаган жылдарда союздук республикаларда “улут” жана ага уңгулаш “улутчул” сөздөрү өтө кооптуу түшүнүккө айланган. Кыргыздын И. Арабаев, К. Тыныстанов, Б. Исакеев, И. Айдарбеков, Ж. Абдрахманов сыяктуу чыгаан уулдарына улутчул деген айып тагылып, “Социал Туран” партиясына тиешеси бар деген доомат менен атылып кеткен. Өз элинин тарыхын, тилин, каада-салтын сактоого аракет кылган окумуштуулар, жазуучу, акындар бул идеологиялык чектөөнүн запкысын СССР кыйрап калганга чейин эле тартып келди.

(Сөздүн эӊ жакшы маанисинде чыныгы улутчул деп элинин келечеги үчүн өмүрүн берген ушул инсандарды айтсак жарашат. Ал эми азыркы улутчулмун деп төш каккандардын басымдуу көпчүлүгү акылсыз, билимсиз, руху жарды пенделер болгондуктан, өз элинин досторун азайтып, душмандарын гана көбөйтүүгө “салым кошуусу” ыктымал).

Ошол доордо катуу жаӊырып турган интернационализм урааны иш жүзүндө улуттук маданияттарды алсыратып, жоюп, орусташтыруунун куралы болгон. Мисалы, Политехникалык институттун доценти Ракым Усубакунов жогорку математика боюнча окуу китептерди кыргыз тилинде чыгаргандыгы үчүн куугунтукталган. Борбор шаарыбыз Фрунзеде бала бакчалар толугу менен орус тилдүү болгон, кыргыз тилинде окуткан жалгыз гана №5 мектеп калган. “Коомдук жайда улуттук тилде сүйлөшпөгүлө” деп кыргыздарды орус кемпирлер да тыйган учурлар кездешчү.

Чындыгында, СССРдей үлкөн империянын урап калышына экономикадагы теӊдемечилик жана алдамчылык (тири укмуш пландар аткарылып жатат деп ар кандай көрсөткүчтөрдү апырта кошуп жазмай өнөкөтү) менен катар эле улутсуздаштыруу саясаты да негизги себеп болгон.

Нацизм деген эмне?

“Улут” сөзүнүн эл аралык деӊгээлде расмий таанылган мамлекет деген бүгүнкү геосаясий мааниси Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин кеңири тарай баштаган. Улам бир мамлекет кара күчү артык болгону үчүн эле кошуналарына кол салып, жерин тартып ала берген кандуу айлампаны токтотуу максатында мындан туура 102 жыл мурун Улуттар лигасы уюшулган экен. Бул уюмдун шарапаты менен өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды согуш эмес, укуктук негизде, дипломатиялык жол менен чечүү маданиятын калыптандыруу мүдөөсү кайсы бир деңгээлде ишке ашыптыр.

Бирок баары бир ал империялардын өкүм зордугуна туруштук берип, кара кылды как жарган чечимдерди чыгаргыдай, аны ишке ашыргыдай дареметке ээ боло албаптыр. Айрыкча дүйнө картасын кайра өзгөртүп, “арийлердин” үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн нацисттик идеологияга миллиондогон адамдар катуу азгырылып, ага каршы турган негизги күч – Советтер Союзу да дүйнөлүк революция идеясы менен баарын дүрбөтүп, иш жүзүндө тоталитаризмдин тозок отун жагып турган чакта, сергек акылдын үнү угулбай кала бериптир. Ошентип, адамзатты эбегейсиз апаатка тушуктурган Экинчи дүйнөлүк согуштун өртү тутаныптыр...

Ошол алааматтан кийин Улуттар лигасынын колу жетпеген ишти аркалап кете алат деген изги үмүт менен 1946-жылы Бириккен Улуттар Уюму түзүлгөн. Ага эгемен мамлекет катары эл аралык деңгээлде таанылган өлкөлөр мүчө болушат. Ырас, азыр дүйнөлүк бул уюмдун да бошоңдоп кеткен кадыр-баркын бекемдеп, калыстыгын камсыздап, таасирин арттыруу зарылдыгы курчуп турат...

Чакан макаланын чегинде теманы толук ачып берүү мүмкүн эмес. Андыктан “улутчулдук” (“национализм”) менен анын ашынып кеткендеги кесепеттүү түрлөрү болгон “нацизм” жана “фашизм” терминдеринин жөнөкөй түшүндүрмөсүн келтирели да, азыркы кезде кимдин ким болуп баратканын иш-аракеттерине жараша таанып билүүгө аракеттенели.

Улутчулдук – өз элинин тарыхын иликтеп, каада-салтын, тилин сактап өнүктүрүүгө умтулган мүдөө. Башкаларга кастык мамиле жасабаган шартта мунун эч кимге зыяны жок, а пайдасы өтө чоӊ. Анткени Жер шарындагы жашоо жок болуп кетпеши үчүн табияттагы биоартүрдүүлүк канчалык зарыл болсо, жалпы адамзаттын рухий өнүгүүсү туюкка кептелбей, өркөнияттын (цивилизациянын) улуу көчү байсалдуу улана бериши үчүн улуттук дөөлөттөр ошончолук зарыл.

Нацизм – өз элинин эң изги дөөлөттөрүн сактап өнүктүрүүгө эмес, негизинен башка элдерди кемсинтип, кысымга алып турууга багытталган бузуку, бүлгүнчүл идеология. Бул илдетти жуктуруп алгандар өздөрүн биринчи сорттогу эл (мисалы, арий тектүү), Кудайдын сүймөнчүгү, бүткүл адамзатты туура жолго салуучу өзгөчө озуйпа (миссия) менен жаралган улут деп “билет”. Мунун бир аты – шовинизм. Өзү таандык болгон элдин тарыхын даӊазалап, башкалардыкын жокко чыгарып же бурмалап, өз тилин калган элдерге таӊуулаган саясат. Неонацизм деген “заманбап” түрү да бар.

Адамзаттын өтмүшүндө далай империялар дал ушул илдеттин айынан ичкериден ирип-чирип, акыры урап калган. Ырас, бул кесепеттүү балээге чалдыккандар нацизм же фашизм сыяктуу терминдерди оозго албай, тескерисинче, эӊ таза, туура, адилеттүү ж.б. деп саясий, маданий, диний нуктагы уккулуктуу сөздөрдү чүмбөт катары колдонушу да мүмкүн. Демек, атына эмес, затына, чакырган ураанына эмес, кылган иш-аракетине карай кимдин ким экенин айырмалап таануу керек. Нацизмге каршы туралы, жок дегенде аны колдобойлу; анын курмандыгы же куралы болуп калбоо үчүн сергек ойлонолу!

Фашизм – нацизмдин (шовинизмдин) чектен чыккан түрү. Фашист бөлөктөрдү жек көрүп эле тим болбой, баш ийбегендерди кырып-жоюуга умтулат. Баскынчыл саясатты жактайт.

Азыр Орусиянын расмий бийлиги көп кайталап жаткан денацификация термини сөздүктөрдөгү аныктамасы боюнча нацизмди жоюу, андан арылуу дегенди билдирет. Буга катарлаш демилитаризация деген түшүнүк да айтылууда. Анын мааниси – куралсыздандыруу, согуштук дареметин начарлатуу. Азыр эң коркунучтуу ракета, дрон, учак, дрон, биохимиялык ж.б. каражаттар эле эмес, өзөктүк курал да адамзатты, бүтүндөй Жер шарындагы жашоону барымтага алган эбегейсиз террордун тиреги болуп калды...

Эми, ушул аныктамаларды тактап алган соң, дүйнө жүзүндөгү нацизмди жоюу, ар бир өлкөдөгү улутчулдукту жаратман нуктан тескери кетирбөө, жаӊы согуштардын алдын алуу үчүн эмне кылуу керектигин чогуу ойлонолу.

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG