Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Шаардык сот Токтакуновду 5 суткага камоо тууралуу чечимди күчүндө калтырды


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

Бишкек шаардык соту адвокат Нурбек Токтакуновду 5 суткага камоо тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Биринчи май райондук соту 24-мартта аны судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Ал 25-мартта камакка алынган.

17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова элчилик алдына Украинадагы баскынчылык аракеттерди токтотуу талабы менен пикетке чыгышканда милиция кармап кеткен. Кийин сот үчөөнө тең 3 миң сомдон айыппул салган.

Аларга жактоочу болгон Токтакунов элчиликтин алдында акция өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган.

Бишкек шаардык сотуна Токтакуновдун укугун коргоо үчүн 20 чакты адвокат барды.

XS
SM
MD
LG