Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Өкмөт кумарканалар боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканаларды, оюн автоматтары бар залдарды жана лотереяларды ачуу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Өкмөт аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү жана аны кезексиз кароону сунуштайт.

Кумарканаларды юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк тараптар ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат.

"Оюн-зоок маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам долбоорунда анын максаты инвестицияларды тартуу, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарт түзүү экени айтылат.

2021-жылы депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдорун билдирип, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурун мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

XS
SM
MD
LG