Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:25

Атамбаев президент Жапаровго сот иштеринин жүрүшү боюнча жооп берди


Алмазбек Атамбаев. 2018-жыл.
Алмазбек Атамбаев. 2018-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот иштеринин жүрүшү боюнча мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жооп берди. Атамбаевдин кол жазма катын 28-мартта “Социал-демократтар” партиясы жарыялады.

Анда Атамбаев коюлуп жаткан айыптарды четке кагып, ырайым сурабай турганын билдирген:

“Мени кандай кордосоңор да баары бир сындыра албайсынар! Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды күнөөсүн мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тең чындыкка дал келбейт. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коёт акыркы сапарга”.

Атамбаев соттон качпаганын, сот отурумдарына ден соолугуна байланыштуу катышпай жатканын айтып, “Мен сурак же сотко барганда деле эч нерсе өзгөрбөйт” деп кошумчалады.

25-мартта Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча “Фейсбукка” пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин эскерткен.

"Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. …Баарыбыз мыйзамга баш ийели. Ошондо өлкөдө тартип болот. Учурдан пайдаланып ишти карап жаткан сот, прокурорлордон суранып кетет элем. Буйрук бергенге укугум жок. Ошондуктан суранып жатам. Эгер мүмкүн болсо сот процессин жабык эмес, ачык өткөрсөңүздөр болмок", - деп жазган Жапаров.

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинадан чыгуудан баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка калтырылган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Атамбаев жакында 11 жылга эркинен ажыратылды.

Жогорудагы иштерден тышкары Биринчи май райондук сотунда мурдагы президентке байланыштуу кылмыштуу жолу менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү жана 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар тууралуу иштер каралып жатканын мекеменин басма сөз кызматы билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG