Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:11

 “Оскар-2022”: Уилл Смиттин биринчи сыйлыгы


 "Оскар" сыйлыгы.
"Оскар" сыйлыгы.

Лос-Анжелесте Америка киноакадемиясынын "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул - 94-ирет өтүп жаткан салтанат. Андагы негизги интригалардын бири - Украинанын президенти Владимир Зеленский катышуучуларга кайрылуу менен чыгышы мүмкүн деген жаңылык болду. Голливуд актёру Шон Пенн Америка киноакадемия Зеленскийге сөз берүүдөн баш тартса, аны “жок кылууга” убада берди. Бирок, украин президентинин кайрылуусу болгон жок. Тыныгуу учурунда уюштуруучулар киноакадемиянын расмий билдирүүсүн экранда көрсөтүп, Украинадагы согуш курмандыктары эскерилди.

Бул жолу эң маанилүү категориялар боюнча "Оскар" сыйлыгын "CODA: дүлөй ата-эненин чүрпөсү” тасмасы алды. Шан Хейдердин тасмасы "Мыкты сценарий" жана "Экинчи пландагы мыкты актёр” номинациялары боюнча жеңди. Ал тубаса дүлөй америкалык актёр Трой Коцурга ыйгарылды. “Иттин бийлиги” тасмасы үчүн Жейн Кэмпион “Мыкты режиссёр” деп табылды.

Эркектин мыкты ролу үчүн Уилл Смит биринчи "Оскарын" алды. Смит “Король Ричард" биографиялык драмасында Серена жана Винус Уильямстын атасынын ролун аткарган.

Мыкты актриса наамы "Тэмми Фэйдин көзү" тасмасында ойногон Жессика Честейнге берилди.

"Энканто" тасмасы толук метраждуу анимация фильми боюнча башкы сыйлыкты жеңип алды.

Кыска метраждуу мультфильмдер боюнча Альберто Мьельгонун “Айнек тазалагычы” мыкты деп табылды. Киноакадемиянын “Мыкты ыр” номинациясын Билли Айлиш No Time To Die ыры менен утту.

Дени Вильневдин "Дюна" тасмасы эң көп сыйлыктарды жеңди. Ал жалпысынан алты номинацияны утту: "Мыкты оператор" (Грег Фрэйзер), "Мыкты сүрөтчү”, "Мыкты монтаж", "Мыкты саундтрек" жана "Мыкты үн", “Мыкты визуалдык эффект”. (AbA)

XS
SM
MD
LG