Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Мариуполдун кеңеши театрды бомбалоодон 300дөй адам өлгөнүн кабарлады


Мариупол шаарындагы орус аскерлери бомбалаган драма театрдын үстүнөн көрүнүшү. 2022-жылдын 18-мартында спутниктен тартылган сүрөт.
Мариупол шаарындагы орус аскерлери бомбалаган драма театрдын үстүнөн көрүнүшү. 2022-жылдын 18-мартында спутниктен тартылган сүрөт.

Мариуполь шаардык кеңеши Орусиянын аскерлеринин бомбалоосунан улам калаадагы драма театрдын астындагы баш калкалоочу жайда жашырынган 300дөй жайкын тургун мерт болгонун кабарлады.

Орус аскерлери Мариуполго аткылап, бомбалап жаткан учурда жергиликтүү тургундар драма театрдын имаратында баш калкалап жүрүшкөн. Драмтеатр 16-мартта бомбаланган. Анын астында 1000ден ашуун адам коргонуп жатканы маалым болгон. Украин бийлиги театрды орус аскерлери аткылаганын маалымдаса, Орусия тарап аны Украинанын “Азов” полку аткан деген маалымат тараткан.

Сүрөттөрдөн көрүнгөндөй театр тыптыйпыл болуп жок кылынган. Украин бийлиги андагы жарандардын көпчүлүгү аман табылганын кабарлоодо.

Украинанын Азов деңизинин жээгинде жайгкашан Мариупол шаары бир нече аптадан бери камоолдо жатат. Орус тараптын тынымсыз аткылоолорунан улам шаардагы имараттардын, турак-жайлардын көбү талкаланган, байланыш, жылуулук, электр энергиясы иштебей турат. Калаада азык-түлүк тартыш болууда.

Аскердик эксперттер Орусия Мариупол шаарын алуу менен Азов деңизинин жээги аркылуу аннексияланган Крым менен өзүнүн аймагын туташтырып, “кургактыкта коридор” түзүүнү көздөп жатат деп баалашууда. Согуштуу изилдөө боюнча америкалык институт орус аскерлери шаардын борборуна киргенин жазып жатат.

Мариуполдун бийлиги толугу менен шаарды таштап чыгып кеткени кабарланды. Украин тарап орус аскерлери калаанын жашоочуларын Орусиянын аймагына мажбурлап эвакуация кылып жатканын маалымдоодо.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG