Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:48

Бишкекте адвокат Токтакуновду колдогон акция өтүүдө


Нурбек Токтакуновду колдоо акциясы.
Нурбек Токтакуновду колдоо акциясы.

Бишкекте Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн алдында жарандык активисттер, адвокаттар жана укук коргоочулар Нурбек Токтакуновду колдогон акция өткөрүүдө. Акциянын катышуучулары "Сөз эркиндиги маанилүү", "Жактоочуну жактайбыз", "Адвокатка эркиндик" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Укук коргоочу Рита Карасартова "Азаттыкка" билдиргендей, 20дай жактоочу Токтакуновдун укугун коргой турганын билдирди.

"Адвокаттарга кол тийбестик иштеш керек. Болбосо, бийликке акарат келтирди деп ар кимди "Бейбаштык" беренеси менен кармай берет", - деди Карасартова.

Бүгүн, 25-мартта адвокат Нурбек Токтакунов беш суткага камалганы белгилүү болду. Адвокат Разак Ашимбаев Токтакуновго жолугуп чыккандан кийин аны Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери күч менен кармаганын айтты.

24-мартта Биринчи май райондук соту Токтакуновду судьяларды тилдеген деген негизде беш суткага камоо тууралуу чечим чыгарган. Судья Убайдулла Сатимкулов Токтакуновду Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Майда бейбаштык" беренеси боюнча айыптуу деп тапкан. Ал сот залынан райондук милициянын бөлүмүнө жеткирилип, адвокаттар шаардык сотко даттанганына байланыштуу кайра бошотулган.

Нурбек Токтакунов 17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинадагы согушка нааразылык билдирип пикетке чыгып, сот тарабынан 3 миң сомдон айыпка жыгылган укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова жана Өндүрүш Токтонасыровго жактоочулук кылып жаткан. Ал элчиликтин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган чечим мыйзамсыз экенин, Конституцияга каршы келерин айтып, сотторду сынга алган.

14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук милициянын чечимин мыйзамдуу деп тапты.

Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган. Акыйкатчы институту мындай чектөө Конституцияга каршы келерин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG