Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:15

Айлыгы көбөйө тургандарга бул жолу күч жана аскер кызматкерлери кирбей турганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелден тартып айлыгы көбөйө тургандардын категориясына күч жана аскер кызматкерлери кирбейт. Бул тууралуу бүгүн 24-мартта өкмөттүн антикризистик планы талкууланган жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин “Он миңдеген укук коргоо жана аскер кызматкерлери 1-апрелде айлыгы көбөйөрүн күтүп жатышат” деген суроосуна жооп берип, төмөнкүлөрдү айтты:

“Азыр милиция кызматкеринин эң аз айлыгы 11-12 миң сом. Бирок аны дарылаган дарыгер менен балдарын окуткан мугалим эки эсе артта калып калды. Аскер кызматкерлеринин баарыныкын бир кылка кылып алдык. Жакында 309 миң кишиникин (мугалим, дарыгер, маданият, илим кызматкери) жогорулатып жатабыз. Бажы менен салык биринчи кварталдын планын аткарып жатышат. Ушундай эле темп 2-3-кварталда болсо 4-кварталда укук тартибин коргоо органдарынын жана Коргоо министрлигиникин жогорулатабыз деген ниетибиз бар”.

1-апрелден тартып бюджеттен каржылануучу мекемелердин кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөрүн президент Садыр Жапаров быйыл 8-февралда Бишкек шаарында электр тармагы боюнча «Түндүк» ишканасын пайдаланууга берүү иш-чарасында сүйлөп жатып айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG