Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:15

Путин газды рубль менен сатууну тапшырды


Доллар, евро, рубль.
Доллар, евро, рубль.

Орусиянын президенти Владимир Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү доллар менен эмес, рубль менен алууну тапшырды. Бул боюнча буйрукту ал Борбордук банкка жана өкмөткө берди.

“Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, газга рубль менен төлөө операцияларынын тартиби бир аптанын ичинде аныкталып чыгат.

Украинага кол салгандан кийинки санкцияларга жооп катары Орусиянын өкмөтү 7-мартта "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түзгөн. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино сыяктуу 50 мамлекет киргизилген.

Президенттин буйругуна ылайык, бул тизмедеги мамлекеттер Орусиянын рыногунан газды рубль аркылуу сатып алышы керек болот. Муну үчүн алар алгач рублди сатып алуу үчүн өздөрү орус жергесине доллар же евро киргизүүгө аргасыз болушат.

Владимир Путин өз чечимин комментарийлеп жатып, “жамааттык Батыш өздөрүнүн валютасына гана ишенип, Орусияга санкция салып жатса, Евробиримдикке товарын жеткирип жаткан Орусияга дагы алардын валютасында акча алуунун мааниси жок” деди. Ал ошол себептүү “өзүн-өзү актабаган валюталар менен эсеп жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алганын” кошумчалады.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салган. Мындан сырткары алар Орусияга караштуу доллар жана евро түрүндөгү резервдерин камакка алып, он чакты орус банкын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүргөн.

Бул орус жергесинде чет элдик валютада алып сатуу жүргүзүүнү татаалдатты. Өлкөдө накталай доллардын жана евронун тартыштыгы кескин байкалып, бийлик бир нече чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болду.

Путиндин идеясына Батыш өлкөлөрүндөгү сатып алуучулар кандай реакция кылары белгисиз. Мурдараак Москвага киргизилген санкциялардын алкагында АКШ Орусиядан мунайды жана газды импорттоого тыюу салган, Евробиримдик орус газына олуттуу көз каранды болгондуктан, андан баш тарта элек. Германия баштаган өлкөлөр альтернатива издөөнү жанданткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG