Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Кыргызстандын жүгүн Орусияга өткөрүү кыйындады


Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фуралар. 2021-жыл. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн фуралар. 2021-жыл. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандык жүк ташуучулар Орусия менен Казакстандын чек арасынан товар алып өтүү соңку күндөрү кыйындап, чоң түйшүккө айланганын айтып чыгышты.

Социалдык тармактарда казак-орус чек арасындагы "Маштаково" бажы бекетинин жанында кыргызстандык жүк ташыган машинелердин каз-катар бир канча чакырымга созулуп тизилип турганы, жүктөрдү түшүртүп, кайра жүктөтүп жатканы тартылган видеолор тарай баштады.

Кыргызстандын Бажы кызматы бул маалыматтарды жокко чыгарып жатат. Ал арада Москвадагы кыргыз элчилиги "Маштаководогу" жагдай тууралуу Орусиянын тиешелүү органдарына кайрылганын билдирди.


Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордун биринде, атын атабаган кыргызстандык айдоочу "Маштаково" бекетинде жүктөрдүн баарын түшүртүп салганын айтып нааразы болуп жатканын көрүүгө болот.

"Бүгүн 17-март, 2022-жыл. Ушинтип кыргыздарды алып кирип алып түшүртүп жатат. Тажиктер, өзбектер өтүп кетип жатат. Жалаң гана кыргыздардын машинеси кирген. Кургатылган жемишпи, мистеби, пиязбы, баарын мына ушинтип түшүрүп жатат".

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекети.

Жүк ташуучу айдоочулардын кесиптик кошууну бул жагдай тууралуу кайрылуу таратты. Анда ар бир автоунаада бери дегенде 20 тоннадай жүк болору, түшүртүп, кайра жүктөө үчүн тоннасына миң рублден төлөп жатышканы, ар бир машиненин чыгымы кеминде 40 миң рублге чыгары айтылган. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ)мүчө экенине карабай ушундай тоскоолдуктарга кабылып жатышканына арызданган.

UBS Tranzit жүк ташуучу фирмасынын башчысы Талантбек Маткерим уулунун билдиришинче, айдоочулардын түйшүгү кыргыз-казак чек арасынан башталат.

"Азыркы күндө жалгыз эле "Маштаководо" эмес, кыргыз-казак чек арасында, Кордайдын ары жагында Барыста, "Кара-Суу" бекетинде дагы маселе бар. Казактар мурун, бир жума, он күндөй мурун электрондук эсеп-фактура менен өткөрүп жаткан. Нооруз майрамынын алдында машинелерди токтотуп, кайра кароого жөнөтө баштады. Азыр "Барыста" 80ден ашык автоунаа бар, ал жерде менин дагы эки машинем турат. Электрондук эсеп-фактурасы, баары бар. Кайра кароого деп айдап киргизип салышты. Андан сырткары "Маштаководо" Кыргызстандан барган бардык машинелерди, эрте бузулуп кетчү азыктар, кургатылган мөмө-жемиштер, жаңгак өңдүү товарлардын баарын түшүрүп, кайра кароого жөнөтүп жатат. Эмнеге таянып мындай кылып жатканын эч ким билбейт. "Такталбаган маалымат бар, рентгенибиз иштебей жатат" деген сыяктуу эле болор-болбос шылтоолорду айтып жатышат. Бул жерде эң чоң күнөө биздин өкмөттө. Качантан бери эле барып сүйлөшүп, чече албай коюшту. Эки тарап отуруп, "транзит жүктөргө тийишпегиле, мерчемделген жерине барганда ошол жерден текшергиле" деп айтышы керек болчу. Навигациялык пломбалар коюлушу керек болчу, ал эмдигиче коюла элек".

Талант Маткерим уулу жүк ташуу Кыргызстанда Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден тартып оорлогонун айтып берди.

"Биздин "Вотсаптагы" топто Арзыбек Кожошев (Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - ред) баш болгон аткаминерлер отурат. Биз ошол жерге 19-марттан бери жазып жатабыз, эч кандай жооп жок. Алар "казак тарап түшүргүлө деп жатат, биз эмне кыла алабыз" деп эле ошону менен отурушат. Марттын башында, Арзыбек Кожошев Казакстанга барып сүйлөшүп келгенден кийин абал жеңилдеп, электрондук эсеп-фактурасы барларды эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүп жаткан. Анан 18-марттан баштап "жылан чагып, жылкы теппестен" эле кайра эски адатына түшүп, текшерип башташты. Барып айтпайсыңарбы, сүйлөшпөйсүңөрбү десем, биздин аткаминерлер байланышка чыкпай жатат, эмгек өргүүсүнө кетишти, майрам дагы кошул-ташыл болду. Биз товарларды кайра кароого түшүрбөй жатабыз. Кайра кароодогу видеолорду деле көрсөңөр керек. Кирген товарларды чачып, кесип, ичинен уурдалып, товарлар эң аз дегенде 20 күн туруп калып жатат.

Ушул күндүн ичинде көптөгөн товарларыбыз жоголуп, ага эч ким жооп бербейт. Жүктү түшүргөн, аны кайра жүктөгөндөгү чыгымдын баары жүк ташуучулардын моюнуна илинип калууда. Кампанын ичиндеги абалды көрдүңөр да, чаң, ылай, товарлардын баары аралашып калып жатат. Түйшүк, чыгым көбөйдү, эң негизгиси биз убакыттан уттуруп жатабыз. Кардарлардын баары башка өлкөлөргө ооп кетип жатат. Ошол эле Казакстанга кетип жатат. Биз ЕАЭБге киргенден бери ушул көйгөй башталды. Ага чейин биз ар бир чек арада, бажыда күтүп, болгон жол-жобосунан өтүп ташыган убакта мында тез жана арзан жеткирчүбүз. Ушул уюмга кирдик, балээге кирдик. Бул жактан, тигил жактан текшермей, каалагандай токтотмой башталды. Иш жүзүндө баары тескерисинче болуп жатат. Күчтүү мамлекеттердин машинелери тоскоолдуксуз өтүп, Кыргызстан, Армения өңдүү өлкөлөр азабын тартып эле жүрөбүз. Ушундай маселелерди айтып чыккан фирмаларды, ачык сын-пикир айткандарды өкмөт кайра текшерип, бизди тескерисинче басмырлаганга аракет кылууда. Салыгын жиберип, айласын кетирип атат. Кыскасы өздөрү чече албаганы аз келгенсип башкаларды да бул тууралуу сүйлөбөгүлө деп жатат".


Министрлер кабинети мындай дооматтарга, жүк ташуудагы кыйынчылыктарга байланыштуу комментарий бере элек.

Кыргызстандын Бажы кызматынын басма сөз өкүлү Гүлзада Чубакова орусиялык кесиптештерине таянып, "Маштаководо" түйшүк тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды.

"Казакстан менен Орусиянын Оренбург облусунун чек арасындагы "Маштаково" бажы бекетинде Орусиянын Бажы кызматынын өкүлдөрү кыргызстандык жүк ташыган унаалардын айдоочуларынын жүктөрүнүн баарын түшүрүүгө мажбурлап жатат деген маалымат чындыкка коошпойт. Эки өлкөнүн Бажы кызматынын башчыларды телефондон сүйлөшкөндө Орусиянын Федералдык бажы кызматынын жетекчиси "Маштаководогу" кыргыз жүк ташуучуларынын жүгүн түшүрүү операцияларына тиешеси жок экенин билдирди. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Орусияга ташылган айыл чарба жана башка тез бузулчу азык-түлүктөргө "жашыл коридор" иштеп жатат. Мобилдик топтор мындай товарларды текшербейт".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги "Маштаководогу" жагдайга байланыштуу тишелүү органдарга кайрылганын билдирген. Азырынча кандай жооп алганы тууралуу маалымат бере элек.

Атамекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын башчысы Бакыт Дегенбаев Кыргызстан ЕЭАБдин мүчөсү катары бул уюмдагы өнөктөштөрү менен теңата сүйлөшө албай жатканын сынга алды.

Бакыт Дегенбаев.
Бакыт Дегенбаев.

"Бир экономикалык уюмга мүчө болгондон кийин мындай нерселер болбошу керек. Бул уюмдун уставында дагы жазылган. Бул эки өлкөнүн соода алакасына терс таасирин берет. Мындай абал эки-үч жылдан бери эле болуп келе жатат. Муну эки өлкөнүн жетекчилери сүйлөшүп, чечиши керек. Эгер ушундай маселелер чыкса бул ЕАЭБдин туура эмес иштеп атканын, аксап жатканын билдирет. Сүйлөшүүлөрдө биздин жетекчилердин балким бар аз алсызыраак болуп жаткандыр. Бир уюмга мүчө болгондон кийин талаптарды катуурак коюп, маселени чечиши, теңата сүйлөшүшү керек. Орусия, Казакстан кандай укуктарга ээ болсо, биз дагы ошондой укуктарга ээбиз".

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы ага Кыргызстан менен Армения кошулган. Анда башкы артыкчылык бул өлкөлөр арасында бажы жана чек арада тоскоолдуктар болбой турганы айтылган.

Бирок буга чейин кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө ар кандай көйгөйлөр тынымсыз болуп келди. Оор жүк ташуучу машинелер күндөп-түндөп кезек күткөн учурлар да катталып турат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандан Орусияга товар экспортунун көлөмү былтыр 333 миллион доллар болгон жана бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 38% көп экени айтылган.

XS
SM
MD
LG