Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Тарых музейде Аксы жана Апрель окуясына арналган фото көргөзмө ачылды


Көргөзмөгө коюлган фото.
Көргөзмөгө коюлган фото.

Улуттук тарых музейде 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында курман болгондордун элесине арналган фото-документалдык көргөзмө ачылып, ага Министрлер кабинетинин мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

17-мартта ачылган көргөзмөгө окуя учурунда тартылып калган сүрөттөр жана архивдик документтер коюлган.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон. Бир нече киши жаракат алган.

Көргөзмөгө коюлган фото.
Көргөзмөгө коюлган фото.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, Бакиев бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG