Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Акыйкатчы институту Бишкекте акция өткөрүүгө тыюу салынышын сындады


Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинаны колдоо боюнча акциялардын бири.
Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинаны колдоо боюнча акциялардын бири.

Акыйкатчы институту Ала-Тоо аянтында, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында митинг, акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынышын "Баш мыйзамга каршы келет" деп билдирди.

Институт бул тууралуу 17-мартта маалымат таратып, тынч жыйындарга тыюу салган Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн жана аны күчүндө калтырган райондук соттун чечими эл аралык коомчулукка Кыргызстан адам укуктарын, эркиндиктерин чектеген мамлекет катары баалоого түрткү берерин эскертти.

Мекеме Конституциянын 39-беренесинде “ар бир адам тынч чогулуштар эркиндигине укуктуу” экени так жазылганын белгиледи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-марттан 11-апрелге чейин Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

17-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына Украинаны колдоо үчүн пикетке чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулованы милиция кармап кетти. (BTo)

XS
SM
MD
LG