Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

"Манас" аэропортун модернизациялоо маселеси талкууланды


«Манас» эл аралык аэропорту. 
«Манас» эл аралык аэропорту. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана IFC Эл аралык финансы корпорациясынын аймактык менежери Мунир Ферози мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматындагы долбоорлорду өнүктүрүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда негизги тема катары "Манас" эл аралык аэропортун модернизациялоо маселеси талкууланды. Анда Жапаров сунуштарды даярдоону тездетүүнү, кошуна мамлекеттердеги ийгиликтүү долбоорлордун мисалында энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүнүн оң тажрыйбасын пайдаланууну, ошондой эле бул багытты өнүктүрүү боюнча үч пилоттук долбоорду ишке берүүнү сунуштады.

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк – мамлекеттин социалдык жактан маанилүү долбоорду жеке ишкана-компаниялар менен чогуу жүзөгө ашыруу механизми.

Экономика министрлиги билдиргендей, азыр Кыргызстанда мындай ыкма менен саламаттык сактоо, транспорт, билим берүү, спорт, маданият жана туризм тармактарында 28 долбоор ишке ашырылып жатат.

XS
SM
MD
LG