Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Парламентте жасалма диплом боюнча маселе көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңештин 16-марттагы сессиясында диплому жасалма деген төрт депутатка байланыштуу УКМКнын маалыматын угуу сунушталды.

Депутаттар Чыңгыз Ажибаев менен Кундузбек Сулайманов ушундай демилге көтөрүштү. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да пикирин айтты.

“Бир нече депутаттын атына интернетте ар кандай сөздөр жазылып жатыптыр. Ошону так айтып койсоңор. Жашыра турган эч нерсе жок. Башкы прокуратура силерге протоколдук тапшырма беребиз. Маалымат бергиле”.

Башкы прокуратуранын өкүлү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дипломдорун президенттин тапшырмасы менен УКМК текшерип жатканын, тергөөнүн купуялуулугу үчүн маалыматтар азырынча ачык айтылбай турганын билдирди.

Атайын кызмат 14-мартта Жогорку Кеңештин төрт депутаты, парламенттин аппаратынын бир кызматкери, шаардык кеңештин үч депутаты, эки судья жасалма дипломго шек саналып жатканын билдирген. Тизмеде бир катар министрлик, мамлекеттик мекемелердин да кызматкерлери бар.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында тогуз адам өз каалоосу менен дипломун тапшырып, 16 кызматкер өз эрки менен жумуштан кеткени кабарланган. 12 мамлекеттик кызматкердин чет элдик жарандыгы бар-жогу текшерилген.

24-январда УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому боюнча масштабдуу текшерүү башталганын кабарлаган.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу буга чейин чыр-чатактар болгон. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып, айып төккөндөр да катталган.

Өткөн жумада Нарында дипломуна байланыштуу райондук прокуратура иликтөө жүргүзүп жаткан мектеп мугалими асынып алган окуя катталды. (BTo)

XS
SM
MD
LG