Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Украина: Орусия Харьковдо эле 500дөй кишинин өмүрүн кыйды


Украина. Орусиянын аскерлери ракета менен аткылаган Харьков шаары. 1-март, 2022-жыл
Украина. Орусиянын аскерлери ракета менен аткылаган Харьков шаары. 1-март, 2022-жыл

Согуш башталгандан бери орусиялык баскынчылар Харьков шаарында 500дөн ашуун жай тургундун өмүрүн кыйганын Украинанын Мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар кызматынын Харьков облусу боюнча башкы башкармалыгы 16-мартта билдирди.

"Такталган маалыматтарга караганда, Харьковдо согуш башталгандан бери баскынчылар 500дөн ашык карапайым тургунду кыянаттык менен өлтүргөн. Анын ичинен 88 кишинин сөөгүн куткаруучулар уранды астынан алып чыккан. Издөө иштери токтотулбайт. Кыйраган имараттардын арасынан куткаруучулар согуш башталгандан бери 189 адамдын өмүрүн сактап калды", - деп айтылат билдирүүдө.

15-мартта Харьковдо куткаруучулар уранды арасынан төрт адамды куткарышты. Эки адамдын сөөгү табылды.

Украинанын Харьков шаары Киевден кийинки орус тилдүү калк көп отурукташкан эң чоң шаарлардын бири.

24-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасстагы элди улутчулдуктан куткаруу деген шылтоо менен "атайын аскердик операция" башталганын жарыялаган. Андан соң бир эле Донбасстан эмес, ар кайсы багыттан Украинага чабуул башталган.

Орус аскерлери негизги шаарлардын инфратүзүмдөрүн аткылап, жашоого маанилүү объектилердин бардыгын талкалап, турак жайларга ракеталар түшүп жатканы кабарланууда.

Украина согуштук абал киргизип, жалпы аскердик мобилизация жарыяланды. Киев аскердик кылмыштар боюнча Орусияга каршы доо арызын Гаагадагы Эл аралык сотко жөнөттү.

XS
SM
MD
LG