Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:44

Депутат Акаев КТРКга байланыштуу мыйзамды сындады


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясын “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө өкмөт сунуштап жаткан мыйзам долбоорун сындады. Эл өкүлү парламенттин 16-марттагы жыйынында КТРК “коомдук” же “улуттук” болуп аталганы менен эч нерсе өзгөрбөй турганын айтты.

“Коомдук” дегенди “улуттук” кылып өзгөртүп, жетекчисин президент дайындайт деп атабыз. Азыр парламент же Министрлер кабинети дайындайбы?! Силерди азыр деле президент коёт. Макулдашасыңар. Байкоочу кеңеш чогулуп, ушуга чейин бир директорду иштен алып көрдүбү? “Коомдук” деген аталышы болгон менен улуттуктай эле милдет аткарат. Бул кереги жок мыйзам. Жөн эле баарыбыздын убактыбызды алып атасыңар. Азыр КТРКнын директорун президент эмес башка бирөө дайындайт десеңер, эл күлөт да. Ошол үчүн өзөктүү мыйзам долбоорлорун талкуулашыбыз керек”, - деди Акаев.

Өкмөт сунуштап жаткан долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот.

Корпорациянын курамы боюнча жаңы норма кирип, облустук мамлекеттик телерадиокомпанияларды да кошуу сунушталууда. Азыркы мыйзам боюнча башкы директор Байкоочу кеңеш алдында гана жооптуу, ага отчет берип турат. Жаңы долбоор кабыл алынса, жыл сайын да отчетун президентке тапшырат.

КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон. “Улуттук” болуп өзгөртүлсө, бюджети дагы 12 миллион сомго көбөйөт. КТРКнын 2021-жылдагы бюджети 386 миллион сом болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG