Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Байден Украинага жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койду


АКШ президенти Жо Байден
АКШ президенти Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден Украинага 13,6 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик, гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамга кол койду.

"Бул мыйзам азыркы абалдагы украин өкмөтүн колдоп, Украинага тарыхый 13,6 миллиард долларлык каржылоону камсыз кылууга кепилдик берет. Бул эки тараптуу өкмөттүк каржылоо болот", - деди президент Байден.

Анын айтымында, бул мыйзам аркылуу Ак үй “демократтар менен республикачылар чындап биригип, бир нерсе кыла аларын далилдеген күчтүү белгини” көрсөткүсү келет.

АКШ президенти Орусиянын Украинага жасаган баскынчылыгы бүткүл америкалыктарды бириктиргенин айтты.

Конгресс бекитип берген каражат Украинанын Куралдуу күчтөрүн колдоого багытталган. Акчанын кайсы бир бөлүгү жалпы украин жарандарына, согуштан качкан 3 миллиондой качкындарга гуманитардык жардам катары жумшалат.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 9-мартта мыйзам долбооруна добуш берүү учурунда бөлүнгөн акча "айсбергдин учу" гана болушу мүмкүн экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG