Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:14

"Аксы 20 жылдан кийин" деп аталган даректүү тасма тартылды


Аксы окуясынын 20 жылдыгына арналган даректүү тасманы журналист Адил Турдукулов жана Булат Сатаркулов тарткан.

Анын бет ачарына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана ошол мезгилдеги Жогорку Кеңеш депутаттары Исмаил Исаков, Бектур Асанов, Темир Сариев баштаган саясатчылар, окуянын катышуучулары катышты.

Тасма "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун архивдик материалдарына таянып тартылган.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты киши курман болгон.

Нааразы болгон эл мурдагы президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча демилге көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө тууралуу талаптар менен чыгышкан.

XS
SM
MD
LG