Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Журналист Овсянниковага оор берене менен иш козголгону кабарланды


Орусиянын "Биринчи каналынын" редактору Марина Овсянникова жүктөгөн видеокайрылуудан алынган сүрөт.
Орусиянын "Биринчи каналынын" редактору Марина Овсянникова жүктөгөн видеокайрылуудан алынган сүрөт.

Орусиянын Тергөө комитети "Биринчи каналдын" түз ободогу "Время" программасында согушка каршы плакат көтөрүп чыккан жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянниковага карата тергөөгө чейинки териштирүүнү баштады.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги тергөө комитетиндеги булакка таянып билдирди.

Орусиянын Тергөө комитети муну азырынча расмий ырастай элек.

ТАССтын маалыматына караганда, текшерүү Кылмыш-жаза кодексине "армия тууралуу фейк маалыматтарды таратуу" деген жаңыдан кирген берененин негизинде жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле булактын айтымында, Овсянниковага карата «армияны каралоо» беренесинин негизинде алгач административдик иш козголгон эмес, кылмыш ишин козгоо үчүн материалдарды дароо Тергөө комитети өткөрүп алган.

Берене менен Овсянникова 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал 14-марттын кечиндеги түз эфирге плакат көтөрүп кирип барып, согушка каршы көз карашын билдиргенден көп өтпөй эле кармалган.

Бирок азыр анын каякта экени белгисиз. Ага жардам берүүнү каалаган адвокаттар полиция бөлүмдөрүнөн издеп, таппай жатышканын айтышты.

Марина Овсянникова Время" программасынын кечки чыгарылышындагы түз эфирде студияга кирип барып, алып баруучу Екатерина Андрееванын артына туруп "Согушту токтоткула! Пропагандага ишенбегиле. Бул жерде силерге калп айтып жатышат" деген плакатты көтөрүп чыккан.

Ал "Согушту токтоткула!" жана "Согушка жол жок!" деп кыйкыра баштаганда режиссёрлор эфирди башка сюжеттин кадрлары менен жабууга аргасыз болушкан.

Мунун алдында Овсянникова видеокайрылуу жазып, анда Украинага жасалган баскынчылыкты айыптаган.

"Бул - кылмыш, Орусия агрессор өлкө жана бул кол салууга бир гана киши - Владимир Путин жооптуу", - деген ал.

Овсянникованын аракети тартылган видео жана анын кайрылуусу социалдык тармактарда кеңири тараган. Украинанын президенти Владимир Зеленский тайманбай согушка каршылыгын көрсөткөн журналистти алкап, баскынчылык согушту айыптап жаткан башка орус жарандарына дагы ыраазычылык билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Овсянникованын аракетин "бейбаштык" деп сыпаттады жана аны жазалоо бийликтин компетенциясына кирбестигин, аны менен телеканалдын жетекчилиги алектенерин белгиледи.

XS
SM
MD
LG