Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформа, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери күндүн темасынан түшө элек. Министрди сындагандар ал мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай жатканын, айрым кадамдары мыйзамсыз экенин айтууда. Ошол эле маалда анын кадамдарын колдогондор да бар.
Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алды. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыкты.
Министр менен Исманкуловдун чыры
Министр Алымкадыр Бейшеналиев №6 Бишкек шаардык ооруканасынын экинчи корпусунда жайгашкан менчик медициналык борборду имараттан чыгаруу үчүн барып, анын ээси Алмаз Исманкулов менен телефондон урушуп, борбордун кызматкерлерин каарып жаткан видео интернетте бир топ талкуу жаратты.
Бул окуядан көп өтпөй, 14-мартта Алмаз Исманкуловдун медициналык борборунун кире беришине машине менен кум-шагыл түшүрүп салган видео тарады. Министр Алымкадыр Бейшеналиев муну аргасыз чара деп түшүндүрүүдө.
“Президентке, башкы прокурорго да маалымат бердим. Эми аларга кылмыш иши ачылат. Аларды жөн эле чыгарып койгонго күчүбүз жетпейт. Сот болсо 10 жылга созулуп кетет. Ал убакта биз жок болуп калабыз да. Ошон үчүн бат эле кууп чыгыш керек”.
Кызматтан кеткен белгилүү дарыгерлер
Бул министрдин чуу жараткан окуяларынын биринчиси эмес. Кызматка дайындалгандан көп өтпөй коронавирус илдетин “уу коргошун менен дарылайбыз” деп талкууга кабылган Алымкадыр Бейшеналиев мындан бир ай мурда Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтун 18 жыл жетектеген Сабырбек Жумабеков менен тирешип, аны кызматтан кетирген.
Ага чейин Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаевди, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевди, Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилековду жана башкаларды жумуштан бошоткон.
Ал эми 15-мартта журналисттерге сүйлөп жатып, Эрнст Акрамов, Калдарбек Абдраманов сыяктуу таанымал дарыгерлерди кызматтан алганын билдирди жана алардын ишмердүүлүгүн сындады.
"Акрамовдун институтун жаптым, аны кууган жокмун. Ооруканада жашай берсин. Институт иштеген эмес, Акрамовдун курагы келип калды. Акыркы беш жылда эмне изилдөө болгону жөнүндө отчет берген эмес. Абдрамановду дагы кызматтан алдым", - деди.
Бир катар жарандык активисттер, журналисттер жана дарыгерлер окумуштуу-хирург, медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Баатыры Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы Калыбына келтирүүчү хирургия илимий институтунун жабылышына нааразылыгын билдирип чыгышты.
Алар президент Садыр Жапаровдун атына кайрылуу жазып, белгилүү хирургдун буга чейинки жасалган эмгектери белгиленген. Кайрылууга кол топтоп жаткандардын бири Динара Аляева министрдин акыркы кадамдарын, билдирүүлөрүн «чектен ашкан жорук» деп баалады.
“Министрдин ал адамга карата мамилеси, “үйү жок экен, ооруканада жашай берсин, аны кубалап чыкпайм” деген пикири кабыл алынгыс нерсе. Ал адамды басынтып жатат. Ал адамдын ысымы тарыхта калып, эмгеги үчүн эстелик тургузушубуз керек”, - деди Аляева.
200гө жакын киши кол койгон кайрылууда Акрамовдун ысымын Чүй облустук ооруканага берүү сунушталган. Кайрылууда Акрамов хирургиялык тажрыйбада уникалдуу ыкмаларды иштеп чыгып, киргизгени жана медицина илимдеринин 20га жакын кандидатын даярдаганы белгиленген.
Акрамов АКИpress маалымат агенттигине комментарий берип, ал министр менен сүйлөшпөгөнүн жана институт ага караштуу эмес экенин билдирген.
Жалал-Абаддагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун эмгек жамааты жетекчиси Калдарбек Абдрамановдун кызматтан алынышы боюнча 15-мартта президентке кайрылды. Алар депутаттык комиссия түзүп, Абдрамановдун жасаган эмгектерин карап чыкканга чейин жумуштан кетпеши керек деп эсептешет.
"Реформанын мыйзамдуу жолу бар"
Министр Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагындагы реформанын алкагында бир топ медициналык мекемелерди бириктирип, жаңы бөлүмдөрдү түзүп, кээ бирин таптакыр жоюп жатат. Ошондой эле онго чукул медициналык окуу жай жабыларын кабарлаган. Министрдин дээрлик бардык кадамдары чыр менен коштолууда.
Укук коргоочу Динара Ошурахунова саламаттык сактоо тармагына кескин реформа керек деп эсептейт. Бирок реформаны мыйзамдуу жол менен алып баруу керек экенин белгилеп, медицина тармагындагы акыркы окуялардын кесепетине токтолду.
“Мыйзам менен жашаган өлкөдө реформа жасоо үчүн алгач анын кадамдарын, себептерин жарыялайт. Министр барып алып, ар бири менен айтышпашы керек. Ал жерде аппарат бар, анда юристтер иштейт. Бардык маселени мыйзам жолунда чечиш керек. Эми бул министрди көрүп алып, башкалар туурап чыгат. Кыргызстанда укукту сактоо, мыйзамды сыйлоо деген жок болуп бара жатат. Жок дегенде жогорку кызматтагылар мыйзамга түкүрбөсө болмок”, - деди укук коргоочу.
Министр Бейшеналиевдин кадамдарын колдогондор дагы бар. Жаш дарыгер Эрмек Исмаилов мындай пикирде:
"Мурунку министрлер реформа жасайбыз деп келип, кыла алган эмес. Алардын эрки жетпей калган же бийликтен колдоо жок болчу. Азыр баарыбыз министрди жаман көргөнүбүз менен мурда айтып келген реформаларды кылып жатканын ичибизден колдоп жатабыз. Министр бийлик тараптан колдоону билип, ошого жараша иш кылып жатат".
Парламенттин депутаты Алишер Козуев министр Бейшеналиевдин айланасындагы акыркы окуяларга көз салып жатат. Депутат парламентке министрдин өзүн чакырып, жасап жаткан реформалары жөнүндө, айтылган сындарга жооп алуу керек деп эсептейт.
“Депутат катары суроо берип, өз оозунан жооп укканда ынанам. Ар кандай сөздөрү, бирөөнү сөгүп, басмырлаганы боюнча толук окуяны иликтеп туруп бир нерсе десек болот. Министрлик боюнча көп сөз болуп жаткандыктан, парламентке чакырылышын колдойм. Ал кишиге суроолор, сын-пикирлерим бар”, - деди депутат.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге президент Садыр Жапаровдун жакшы колдоосу бар экени айтылып келет. Министрдин жүрүм-туруму, реформасы боюнча буга чейин 6-чакырылыштын депутаттары бир нече жолу маселе көтөрүп, кызмат орду боюнча дагы президентке кайрылышкан. Президент министрге айтылган сын-пикирлер жөнүндө пикирин билдире элек.
Бейшеналиев 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин кызматка дайындалган.