Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

БШКнын Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечими күчүндө калды


Абдурахманхажи Муртазалиев.
Абдурахманхажи Муртазалиев.

Бүгүн, 15-мартта Бишкектин административдик соту Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карады.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, анда Муртазалиевдин арызы канааттандырылган жок.

"Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечими күчүндө калды", - деген жактоочу Жогорку сотко кайрылуу боюнча маселе кеңешкенден кийин белгилүү болорун кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Талапкер БШКнын дооматтарын четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттаган жана административдик сотко арызданган.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

БШК Свердлов округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгара элек. Жыйынтык Муртазалиевдин соттогу арыздары териштирилип бүткөн соң чыгарыла турганын БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

XS
SM
MD
LG