Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:23

Президент коопсуздукка байланыштуу кеңешме өткөрдү


Президент Садыр Жапаров өткөргөн кеңешме
Президент Садыр Жапаров өткөргөн кеңешме

Президент Садыр Жапаров 14-мартта өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан улам келип чыккан маселелер, анын социалдык-экономикалык таасири, өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.

Орусия 24-февралда Украинада согуш баштагандан бери доллар кескин кымбаттап, Орусияга карата катаал экономикалык санкциялар киргизилүүдө. Анын таасири Кыргызстанга да тийип өлкөдө бир доллар 103-106 сомго чыкты.

Орус өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө дан азыктарын жана кумшекерди экспорттоого 31-августка чейин тыюу салды. Кыргызстанда эл биринчи керектеген айрым-азык түлүктүн, анын ичинде ун, кумшекер, өсүмдүк майынын баасы кымбаттаганы байкалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG